Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайга Советжан Асанкадыр жетекчи болду

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политикиМураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган Советжан Асанкадыр
Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган Советжан Асанкадыр  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Буга чейин окуу жайды КР эл артисти Тентимиш Мураталиев жетектеп келген.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мураталы Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Советжан Асанкадыр дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, министр Азамат Жаманкулов тиешелүү буйрукка 7-сентябрда кол койгон. Жаңы жетекчини да окуу жайдын эмгек жамаатына министр өзү тааныштырды.
"Буга чейин аталган окуу жайды КР эл артисти Тентимиш Мураталиев жетектеп келген. Мындан ары Тентимиш Мураталиев аталган мектепте өсүп келе жаткан муунга тарбия берүү жана кесипкөй адистерди тарбиялоого салым кошуу үчүн мугалимдик кесипти аркалайт", — деп жазылат маалыматта.
Советжан Асанкадыр — "Айкөл" фольклордук-эстрадалык тобунун жетекчиси, ырчы, обончу.
Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаттын директорлук кызматына дайындалган Разия Сырдыбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке Разия Сырдыбаева директор болду
Жаңылыктар түрмөгү
0