Аял депутаттарга кандай унаа берилди, мурда кандай машина менен жүрчү? Видео

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаалар берилгени белгилүү болду. Парламентте жалпы 19 аял бар, анын ичинен бирөө гана машина алуудан баш тарткан.
ЖКнын маалымат кызматы аталган автоунаалар менен мурда бөлүм башчылар жүргөнүн билдирди. Эми алар кызматтык транспорттон кол жуушту.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аял депутаттарга берилген кызматтык машиналардын үлгүсүн билүүгө аракет кылды. Жаңы сессиянын башында тартылган кадрдан депутат Надира Нарматова Toyota Camry (XV40) үлгүсүндөгү унаадан түшкөнүн көрүүгө болот. Ошону менен катар эле кызматтык унаа алганга чейин эл өкүлдөрү кандай транспорт менен жүргөнүнө кызыктык. Жаңы шайланып келген учурда Динара Ашимова, Айсара Абдибаева жана Жылдыз Таалайбек кызы жолтандабастан түшкөн.
Белгилей кетсек, мурдагы чакырылыштын депутаттары кызматтык автоунаа алуудан толук баш тарткан эле.
Тема боюнча:
Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0