Эми Carcheck аркылуу айдоочунун салык төлөгөн-төлөбөгөнүн билүүгө болот

© Sputnik"Айыптарды текшерүү" кызматы. Иллюстративдик сүрөт
Айыптарды текшерүү кызматы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөтүлөт деп эсептейт.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жакында Carcheck кызматы аркылуу айдоочу транспорт салыгын төлөгөн же төлөбөгөнүн билүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Ведомство жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөйт деп үмүттөнүп жатат.
Инновациянын дагы бир жакшы жери — жарандардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу жана айдоочуларга салык милдеттенмелери боюнча маалымат берип туруу.
Салыкчылар рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Сентябрда салыктар боюнча рейд башталарын эскертишти
Жаңылыктар түрмөгү
0