Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Кылмышка шектелген жашы жете элек өспүрүм мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынып, бүгүн камакка алынган.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 8-сентябрда, Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган.
"Тергөөнүн жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды", — деп жазылган маалыматта.
Ал бүгүн, 9-сентябрь күнү, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.
Депутаттар жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2022
14 жаштагы кыздын өлүмү: депутаттар өлүм жазасын киргизүү керектигин айтууда
Жаңылыктар түрмөгү
0