Мектептин инфраструктурасы баланын билим деңгээлине таасир этеби? Адистин жообу

© AFP / RODRIGO BUENDIAОкуучулар мектептин коридорунда. Архив
Окуучулар мектептин коридорунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Кооз, жарык, жагымдуу имаратта окуган баланын маанайы көтөрүңкү болуп, өзүн жакшы сезет. Атургай өзүн-өзү көбүрөөк сыйлай баштаары дагы айтылат.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мектептин ички жана сырткы көрүнүшү баланын билим деңгээлине бир топ таасирин тийгизет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаардык педагогикалык университетинин илимий кызматкери, билим берүү мейкиндигин долбоорлоо боюнча адис Екатерина Барсукова айтып берди.
Ал илимий изилдөөлөргө таянып билдиргенине караганда, окуудагы жетишкендиктердин 16-25 пайызы мектептин көрүнүшүнөн көз каранды.
Кооз, жарык, жагымдуу имаратта окуган баланын маанайы көтөрүңкү болуп, өзүн жакшы сезет. Атургай өзүн-өзү көбүрөөк сыйлай баштаары дагы айтылат.
"Мектепке жаңы окуучу келди дейли. Эгер навигация жөнгө салынбаган болсо, ага жаңы жерге көнүп кетүү бир топ татаал болот. Мисалы, даараткана же ашкана кайсы жакта экени көрсөтүлгөн эмес. Көпчүлүк өспүрүмдөр анын кайда экенин сурагандан уялышат. Мындан улам чүнчүп, окуунун өзү экинчи планга өтүп кетет", — деди адис.
Ошондой эле окуу процесси жагымдуу болуш үчүн мектептеги акустика жакшы болушу керек. Эгер класстын ичинде үн жаңырып турса, балдар мугалимдин айткандарын укпай калышы мүмкүн. Ал эми окуучулардын ызы-чуусунан мугалим бат чарчап, башы ооруй баштайт.
Мындан тышкары, адис мектептин дубалында, ички жасалгасында бир нече өң болгону жакшы экенин айтат. Бардыгы бири-бирине куюлушкан окшош түстө болсо, окуучунун көзүнө ал жер анча таза эместей көрүнө берет. Бул балалык психологиядагы өзгөчөлүк.
Бишкектеги мектептердин биринде 1-класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Баланын мектепке даяр экенин кантип билсе болот? Психологдун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0