Октябрдан тарта мугалимдер 50 миң сомдон көп айлык алышы мүмкүн. Бир шарты бар

Мугалим. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Быйылкы жылдын октябрь айынан тарта каалоосу болгон мугалимдер аттестациядан өтөт. Анда алган категориясына жараша дагы акча кошулат.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы боюнча маалымат берди.
Анда мугалимдердин негизги ала турган айлыгы (эң жогорку суммасы) 35 000 сом экени айтылган.
"Бирок эмгек стажына, олимпиадаларда жана башка билим берүү жаатындагы жетишкендиктерине жараша төлөмдөр кошулуп отуруп 50 000ге чейин алышат. Быйылкы жылдын октябрь айынан тарта каалоосу бар мугалимдер аттестациядан өтө баштайт. Аттестациядан алган категорияларына жараша айлыгына дагы 5 000 сомго чейин кошулушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик стимулдук жана категориялык төлөмдөр кошулуп отуруп 50 миң сомдон көбүрөөк маяна алып калуусу мүмкүн экенин кошумчалады.
Мектептеги мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Министрлик: мугалим болом дегендерге колдоо менен катар талап да күчөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0