УКМК: Сирияда жок кылынган теги кыргызстандык согушкер боюнча иликтөө жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК имараты. Архивдик сүрөт
УКМК имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Абу Салох Бишкектеги Кытай элчилиги бутага алынып, жасалган жардыруудан кийин эл аралык издөөгө алынган.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сирияда жок кылынган, теги кыргызстандык Абу Салох каймана аты бар Сирожиддин Мухтаров боюнча иликтөө жүргүзөт.
Ведомстводон ЖМКлар РФтин Аскердик-космостук күчтөрүнүн соккусунан кийин согушкерлердин лидери жок кылынды деп жазганын айтты.
Атайын кызматтан ал киши 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилиги бутага алынып, жасалган жардыруунун уюштуруучусу катары эл аралык издөөгө алынгандыгын эске салды.
Буга чейинки маалыматтарда, Мухтаровдун Сириядагы өкмөттүк күчтөргө жана жарандык инфраструктурага террордук чабуулдарды уюштурууга катыштыгы бар экени айтылат.
КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун маалыматы боюнча, Абу Салох Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Аталган борбор террорчуну 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигине болгон жардыруунун координатору деп атаган. Анда жанкечти автоунаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автокөлүктү жардырып жиберген.
2017-жылы УКМК Мухтаровдун Кыргызстанга терракт уюштуруу үчүн согушкерлерди жибергенин билдирип, анын аракеттерине бөгөт койгон.
ТИМ имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Кыргызстан: Россиянын Кабулдагы элчилигинде жасалган терактыны айыптайбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0