Бишкекте 17-сентябрда массалык ишембилик өтөт

Ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
Негизги басым калаадагы үйлөрдүн короолорун тазалоого жасаларын айтты.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Борбор калаада 17-сентябрда массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы пландык кеңешмеде айтылганын билдирди.
Негизги басым короо ичиндеги аймактарды тазалоого багытталары айтылды.
"Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн тиешелүү таштанды контейнерлерин сатып алуу боюнча сунуштарды берүү, ал эми акимчиликтерге сынамык долбоор ишке ашырыла турган даректерди аныктоо тапшырылды. Мэр Эмилбек Абдыкадыров "Бишкек асфальт сервис" мекемесине шаардык жолдорго тиешелүү белгилерди түшүрүү жана тротуарларды оңдоо боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды", — деди мэриядан.
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көчмө жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Бишкек мэри: таштанды иштеткен заводду куруу сентябрдын соңунда башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0