Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду!

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Жазылуу
Биринчилик Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков атаандашы болгариялык спортчу Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, биринчилик Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Беттеш эсеби менен аяктады.
60 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде, 1/4 финалда АКШлык Илдар Хафизовду 4:0 упай менен жеңген. Кийин казакстандык Айдос Султангали менен кез келип, аны 7:0 упай эсебинде уткан.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду!
Жаңылыктар түрмөгү
0