Акжол Махмудов быйыл үйлөнөбү? Спортчунун жообу

© Фото / United World WrestlingДүйнө чемпиону Акжол Махмудов
Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Спортчу жеке турмушуна байланыштуу чечимди жалгыз өзү кабыл ала албай турганын белгилеген.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов эгер ата-энеси, машыктыруучулары уруксат берсе, быйыл үйлөнө турганын маалымат жыйын учурунда айтты.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келип, кыргызстандыктар аларды салтанаттуу тосуп алды. Спортчулар үчүн маалымат жыйын уюштурулуп, алар ЖМК өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришкен.
Журналисттердин бири Акжол Махмудовго дүйнө чемпионатында машыктыруучусуна аты жок манжасын көрсөткөнүн айтып, соцтармак колдонуучуларынын "дүйнө чемпиону болду, эми үйлөнөт экен" деген кептерине жооп берип коюусун өтүнгөн.
"Мурда бул теманы жеке машыктыруучум, ата-энем менен сүйлөшкөм. Алар "эгер дүйнө чемпиону болсоң, сага үйлөнгөнгө уруксат беребиз" деп айтышкан. Жеңишке алардын колдоосу менен жетип жаткандыктан бул чечимди өзүм дароо кабыл ала албайм. Эгер агайларым, үйдөгү ата-энем туура көрсө, быйыл турмуш курсамбы деп ойлоп жатам. Мен дүйнө чемпиону болуп сөзүмө турдум, калганы...", — деп залдагыларды күлдүрдү Махмудов.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Сербияда өткөн мелдеште алтын тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Буга чейин ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.
Акжол Махмудов качан үйлөнөт. Балбандын атасы Мухамед Махмудовдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Акжол Махмудов качан үйлөнөт. Балбандын атасы Мухамед Махмудовдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0