Депутат: Түркияда өтчү Көчмөндөр оюнуна улуттук спорттун 4 эле түрү кириптир

© Sputnik / Табылды КадырбековЖирит улуттук оюну. Архив
Жирит улуттук оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, башында улуттук спорттун 23 түрү киргизилген.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) кыргыздарга таандык спорттун төрт эле түрү кирип калганын айтып нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, ДКОго башында улуттук спорттун 23 түрү киргизилген. Бирок азыр мелдеш катары көк бөрү менен кыргыз күрөшү гана кошулуп, дагы экөө көргөзмө иретинде көрсөтүлмөй болууда.
"Мен Эр эңиш федерациясынын президенти катары айтсам, биздин балбандар эки жума машыгууда жүрүштү. Азыр эмнеге 23 оюндан төртөө гана калды деп башка федерациялардан дагы чалып жатышат", — деди Азыгалиев.
Ошондой эле ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Спорт департаментинин директору, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисин чакырып маалымат алууну сунуштады.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан кайсы улакчылар барары аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0