ДССУ: коронавирус пандемиясы соңуна чыгып бара жатат

© AFP / FABRICE COFFRINIДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Өткөн жумада 2020-жылдын март айынан берки өлүмдүн эң аз учуру катталган.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы соңуна чыгып бара жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, аалам коронавирусту жеңүү үчүн буга чейин азыркыдай дурус абалда боло элек болчу.
ДССУ жетекчиси өткөн жумада 2020-жылдын март айынан берки өлүмдүн эң аз учуру катталганын белгиледи.
"Пандемиядан биротоло арылуу үчүн азыркыдай дурус абалда боло элек болчубуз. Максатыбызга толук жете элекпиз, бирок жакындап калдык", — деди Гебрейесус.
Ал өлкөлөрдү тобокелчилик тобундагыларды жапырт эмдөөгө каражат салууга чакырды.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
ДССУ: Коронавируска чалдыккан аялдар эркектерге караганда көбүрөөк ооруп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0