Балбан Арсалан Будажапов коло медаль үчүн таймашышы мүмкүн

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Арсалан Будажапов
Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу америкалык каршылашы Жордан Эрнест Берроуздун финалга чыгышы менен эми коло медаль алууга аракет кылат.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү 79 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, тажикстандык Шухрат Бозоровду 10:0 эсеби менен утту. Ал каршылашына үстөмдүк кылууга такыр мүмкүнчүлүк берген жок.
Ал эми чейрек финалда америкалык Жордан Эрнест Берроузга жеңилип калды. Кийинки беттеште АКШлык балбан финалга чыкан. Мындан улам Будажапов коло медаль үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алышы ыктымал.
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Эрназар Акматалиев дүйнө биринчилигинде жарым финалда утулуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0