Путин: Россия Кыргызстанга 1,3 млрд. рублге өрт өчүрүүчү техника, тик учак берет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТик учак. Архив
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Тиешелүү токтомго Россия өкмөтү быйылкы жылдын июль айында кол койгон.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү техника менен тик учактарды берерин РФ лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен Өзбекстанда жолукканда билдирди.
РФ лидери аталган максат үчүн РФ бюджетинен 1,3 миллиард рубль бөлүнөрүн айтты. Бул боюнча тиешелүү токтомго Россия өкмөтү быйылкы жылдын июль айында кол койгон.
Путин Россия Кыргызстанга экономикалык жактан көмөк көрсөтүүнү улантарын белгилеген. Былтыр финансылык жардам 20 миллион долларды түзгөн.
Быйыл 2021-жылдагы чек арада болгон трагедиялык окуялардан талкаланган социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн 1, 5 миллион доллар бөлүнгөн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жапаров менен Путиндин Самарканддагы жолугушуусунда талкууланган маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0