Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аманова: алтай элинин салттуу музыкасы изилдениши керек

© SputnikКРдин эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова. Архив
КРдин эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
КРдин эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова алтай элинин салттуу музыкасы илимий жактан изилдениши зарылдыгын айтты.
Алтай музыкасын бир укканда эле кыргыздын генетикалык коду ойгонот. Бул тууралуу Роза Аманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Аманова: алтай элинин салттуу музыкасы изилдениши керек
Анын айтымында, алтай элинин салттуу музыкасы казылбай жаткан чоң казына катары көп окумуштууларга кызыктуу.
"Мен окумуштуу катары Алтай жерине сапарым болбогонуна өкүнөм. Алардын чатхан, топшур деген музыкалык аспаптарынан чыккан кайрыктар кыргыздын генетикалык кодун ойготот. Анткени Манас атабыздын Алтайдан келиши, ал жактагы Манас көлү, жери буга далил болуп турат. Бекеринен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов алтай темасына кайрылбаса керек. Ал жерде 30га жакын түрк тилдүү эл бар. Демек, ага өзгөчө көңүл буруп, биздин чыгармаларга салыштырып, анализдеп көрүү керек. Кайрыктарында ритмдик окшоштуктар да болушу мүмкүн. Илимий жактан изилдеп, көп табылгаларга ээ болсок болот", — деди Аманова.
Ошондой эле адис кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес экендигин, комуздун жаңы маанисин ачууга аракеттер болушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0