Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Тажик тарап залптык ракета системасын, авиацияны колдонууда. Видеосу жарыяланды

© Sputnik / Павел ЛьвовРакеталык система. Архив
Ракеталык система. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
Кыргыз тарап жерден жана абадан жасалган чабуулдун баарынын мизин кайтарууда.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап оор техникалардан сырткары залптык ракеталык система жана авиацияны колдонуп, аткылап жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын бардык периметринде айыгышкан салгылашуу жүрүүдө.
"Кыргыз тарап жерден жана абадан жасалган чабуулдун баарынын мизин кайтарууда. Кыргызстандын аймагын жана калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк берген жок", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи.
Аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Күтпөгөн жерден ок чыгарышты. Чек арадагы абал боюнча Баткен башчысынын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0