Бишкектин түштүк-чыгышында бир күн бою суу болбойт

© AFP / FRANCK FIFEКуу тамып жаткан кран. Архив
Куу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
Муниципалитет шаар тургундарына суу камдап алууну эскертип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 20-сентябрда саат 09:00дөн баштап 18:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул боюнча мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, суу "Контррезервуар" кампасында, түтүктөрдү оңдоо жана бузулуунун алдын алуу иштерине байланыштуу болбойт.
Суу убактылуу токтой турган райондор: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. Мындан тышкары, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасы суусуз калат.
Муниципалитет шаар тургундарына суу камдап алууну эскертип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.
Ош шаарынын Ак-Буура дарыясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 млн. сомдук тендер жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0