Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

БУУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чырын чечүүгө жардамдашууга даяр

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБУУнун желеги. Архив
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
Уюм араздашкан эки тарап тең абалды жөнгө салуунун учурдагы механизмдерин толук колдонушу керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. БУУ Кыргызстан менен Тажикстандын бийлигине чек ара чырын чечүүгө жардамдашууга даяр. Бул тууралуу баш катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин РИА Новости жазды.
"БУУ эгер тараптар өтүнүч келтирсе чек ара чырын чечүү жолдорун издөөгө жардам беребиз", — деген Дюжаррик.
Анын айтымында, баш катчы кыргыз-тажик чек арасындагы курч кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып турат.
"Баш катчы Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилигин атышууну биротоло токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырат. Эки тарап тең абалды жөнгө салуунун учурдагы механизмдерин толук колдонушу керек", — деген ал.

Жаңжалдын тутанышы

14-сентябрь күнү тажик аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын аймагына беш жерден ок чыгарган. Сүйлөшүүдөн кийин атышуу токтогон болчу. 16-сентябрда КР Чек ара кызматы Тажикстан тараптан аткылоо кайрадан башталганын билдирип, кагылышуу Баткен облусунун бардык чек ара тилкесинде жүргөн.
Мекеме тажик чек арачыларынын аракетин кол салуу деп атады. Кыргызстандын ТИМи Тажикстанга каршылык нотасын тапшырып, буга чейинки макулдашуулар бузулганын айтты. Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техника, анын ичинде "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен 16-сентябрь күнү саат 16.00дөн тарта ок атууну токтотууга макулдашып, эки өлкөдөн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок кечинде тажик тарап келишимди аткарбай кайрадан ок чыгарган.
17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштады.
Кыргызстандын 24 жараны набыт болуп, 129 адам жаракат алды. Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миң киши эвакуацияланган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров кырдаалды көзөмөлдөөдө. Маалымат катчысы билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0