Эксперт: заманбап смартфондор ээси тууралуу маалыматты ачыкташы мүмкүн

© Фото / Pixabay/ sweetlouiseТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
Смартфондогу атайын программаларды орнотуу аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо же башка шылуундук аракеттер көрүлүшү ыктымал.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Смартфондор аны иштеп чыккандарга же операциялык системаларга ээси тууралуу маалыматтарды берип турат. Бул айрым учурда кесепеттүү болушу ыктымал экенин "Прайм" агенттигине санариптик криминалистика боюнча адис Игорь Михайлов билдирди.
Анын айтымында, смартфондогу атайын программаларды орнотуу аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо же башка шылуундук аракеттер көрүлүшү ыктымал.
"Мындан сырткары, смартфондун геолокациясындагы маалыматтар автоматтык түрдө операциялык системаны иштеп чыккан компаниялардын серверине берилет. Андан кийин тиешелүү сервис ээлерине сатылышы мүмкүн", — деди эксперт.
Михайлов мындай аракеттерди алдын алуунун жолдорун айта кеткен. Ал үчүн диктофон менен камерага ар кандай тиркемелердин киришине чектөө киргизип, шек жараткан нерселерди телефонго орнотпош керек. Ошондой эле ашыкча тиркемелерди өчүрүп, геолокацияны жашыруу кажет.
Уюлдук телефонду кубаттоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Адис уюлдук телефонду кубаттоодогу эки көндүм пикирди жокко чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0