Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кагылышта талкаланган Баткенди калыбына келтирүүгө 500 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен облусуна Тажикстандын басып киришинин кесепеттери
Баткен облусуна Тажикстандын басып киришинин кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Тажикстандын баскынчылары Кыргызстандын 600дөн ашуун мүлкүн бүлүнткөн.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу үчүн республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Каражат кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда катталган кагылышта зыяндын ордун толтурууга, анын ичинде оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

Тажикстандын Кыргызстанга баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. Жарадарлардын саны 169га жетти.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткендеги бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Кагылышууга тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонгонун кабарлады.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашышкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Снаряддар Баткен шаарынын чок ортосуна дагы түшүп жатты.
17-сентябрда тажик тарап Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштады.
18-сентябрда атышуу токтоду, учурда абал туруктуу, бирок чыңалган бойдон турат.
Тажикстандын баскынчылыгынан 282 турак жай, үч стратегиялык, тогуз социалдык объект жана 300гө чукул жашоо тиричилигин камсыздоочу жайлар, тогуз автоунаа өрттөлүп, талкаланган. Кыргыз бийлиги тажик тарапта экстремисттик-террористтик уюмдардын өкүлдөрү, афган жарандары жүргөнүн билдирди.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Тажикстандан 200дөн ашык адам өлүп, 400гө чукулу жарадар болгонун айтты.
Баткен шаарындагы снаряд түшкөн үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
40 мүнөт мурун чыгып кеттик эле... Баткен шаарындагы үйүнө снаряд түшкөн Адылбеков
Жаңылыктар түрмөгү
0