Кайыр сурачу. Бишкекте Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө. Белгилери

© Фото / пресс-служба РУВД Ленинского районаБишкекте дайынсыз жоголгон 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова
Бишкекте дайынсыз жоголгон 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Аялдын үйүнөн 3-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделип жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
5-августта милицияга С.Б. аттуу шаар тургуну 65 жаштагы эжеси дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аял 3-августта саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
"Азыркы тапта жоголгон аялдын кайда жүргөнү белгисиз", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Ленин РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталган.
Изделип жаткан аялдын белгилери:
Бою болжол менен 152-155-сантиметр, орто бойлуу, чачын бир аз ак баскан, калың кара каштуу, көздөрү чоң. Ал жашыл түстөгү көйнөкчөн жана кара түстүү жайкы бут кийимчен жүргөн.
Мамеркулованын спирт ичимдигин колдонуп, кайырчылык кылары айтылды.
Милиция аялды көрүп-билгендер 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102 телефон номерлерине чалып коюуну өтүндү.
Жаш балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Ак-Суу районунда жоголгон үч кичинекей бала аман-эсен табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0