Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Ошко эвакуациялангандар көбөйүүдө, мэрия турак жай берчүлөргө кайрылды

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Калаанын борбордук аянтында штаб күнү-түнү иштеп жатат.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош мэриясы Баткен облусунан эвакуацияланган тургундардын көп келип жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады.
Мекендештерди кабыл алууну каалаган уюмдарды жана жарандарды борбордук аянтта жайгашкан штабга кайрылууга чакырды. Штаб күнү-түнү иштейт, (0557) 056-056 номери аркылуу да маалымат алса болот.
Штабда мэриянын кызматкерлери, жаш активисттер, ыктыярчылар, медицина кызматкерлеринин бригадасы, ошондой эле кичи автобустар нөөмөттө турушат. Алар келген жарандарды тосуп алып, убактылуу жашоочу пунктуларга жеткирип жатат. Алар жайгаштырылгандан кийин ысык тамак берилип, психологиялык жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бардык муктаждыктары эске алынып, керектүү гигиеналык каражаттар, самын жана жуунуучу каражаттар менен камсыздалат.
Жалпысынан Ошко Баткенден келген 2500дөн ашуун тургун жайгаштырылган.
Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы тажик аскерлери тарабынан ок атылган мектеп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 10 мектеп, 7 бала бакча жараксыз болуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0