Депутат Рахмонду "Бишкектин ардактуу атуулу" наамынан ажыратууну сунуштады

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Эл өкүлү мындай демилге менен шаар бийлигине кайрылды.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго берилген "Бишкектин ардактуу атуулу" наамын жокко чыгарууну сунуштады.
Эл өкүлү мындай демилге менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровго жана шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу кат жиберген.
Мындан сырткары, ал шаардагы Кара-Дарыя көчөсүнүн аталышын мекен чегинде курман болгон Эламан Ураимовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштаган.
Ачык маалымат булактардагы билдирүүгө караганда, Рахмонго "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы 1999-жылы ыйгарылган.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Эмомали Рахмон кыргызстандыктарга берген убадасына турган жок. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0