Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Дары, электроника. РФ чалгынчысы Батыштан Украинага жиберилген буюмдарды айтты

Жазылуу
Чалгынчы Украина тарап тузак катары кээ бир куралдарды атайын таштап коюшарын, ал өмүр үчүн кооптуу экендигин айткан.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн чалгын кызматынын Ладан каймана аты бар жоокери Украиналык аскерлерде Батыш тараптын электроникалык каражаттары, куралдары, дары-дармектери көп экендигин билдирди.
"Украинага Батыштан ири көлөмдө жардамдар келип турат — электроника, дарылар, мыкты сапатта чыгарган продукциялар. Бул жакшы эмес", — дегенин РИА Новости билдирди.
Ал кесиптеши жерде жаткан, көтөрүп жүрүүгө ылайыкташкан, танкага каршы "Жавелин" комплексин көтөрө калам деп минага тушугуп каза болуп калгандыгын айткан. Ладан ошондон кийин олжо катары мындай нерселерди албай тургандыгын кошумчалаган.
Тема боюнча:
Украиналык туткун чет элдиктер украин аскерлеринен курал алып кетерин баяндады
Жаңылыктар түрмөгү
0