22-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда кол чатыры бар адам. Архив
Жамгыр учурунда кол чатыры бар адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
22-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +21...+26 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош калаасында +29...+31 градус болору айтылды.
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0