Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Байдалиев: ЕАЭБде үрөн даярдоо боюнча бирдиктүү жобо бар

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев ЕАЭБ мамлекеттери ич ара бири-биринин үрөнүнүн сапатын таанышарын айтты.
Евразия экономикалык биримдигинде мүчө мамлекеттер ортосунда үрөндөрдүн бирдиктүү сапаты боюнча жобо иштейт. Бул тууралуу Дамир Байдалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Байдалиев: ЕАЭБде үрөн даярдоо боюнча бирдиктүү жобо бар
Анын айтымында, жобого ылайык уюмга мүчө мамлекеттер үрөндөрдү талаа инспекциясынан өткөрүү жана сертификациялоодо бирдиктүү талаптарды аткарышат.
"ЕАЭБдин алкагында үрөндөрдүн сапатын арттыруу максатында иштелип чыккан жобо бар. Ага ылайык, мүчө мамлекеттер бири-биринин үрөндөрүнүн сапатын таанышы керек. Ошондой эле бирдиктүү талаптар да коюлган. Ошол эле талаа инспекциясынан өткөрүү, сертификациялоо процедуралары баарыбыздыкы окшош. Кыргызстан бул багыттагы быйылкы отчётторун уюмга жөнөттү. Тактап айтканда, жобо кынтыксыз иштеп жатат. Албетте, анын пайдасы көп экен. Мисалы, пандемия учурунда же былтыр бизде кургакчылык болуп үрөн тартыштыгы жаралганда ЕАЭБге мүчө Россия менен Казакстан үрөн беришти. Башкача айтканда, бир жерде кризис жаралса башка мүчө өлкөлөр карап тура беришпейт экен. Иш жүзүндө мындай аракеттер көрүлүп жатат", — деди Байдалиев.
Ал аталган жобо үрөндүн бардык түрлөрүнө жайыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0