Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кадимки эле фашизм. Украина күчтөрүнүн Харьковдогуларга көрсөткөн кордугу

© AP Photo / Ukrainian Presidential Press OfficeУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Харьков облусунда калкты "россиялык элементтерден" тазалоо кызуу жүрүп, адамдарды көчөдөн эле кармап кетишүүдө. Аларды кайда алып кетип жатышканы белгисиз...
Мындай жазага адам социалдык медиадагы баракчасына жазганынан таарынып калган коңшусунун жалган жерден айыптаганы үчүн да кабылышы ыктымал. Киевдик режимдин көз көрүнөө жасаган террору тууралуу Владимир Ковалевдун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Элди куугунтуктоо

Украина маалымат каражаттары алардын армиясы, Коопсуздук кызматы жана полициясы "коллабранттар" менен күрөшүп жатканы тууралуу маалыматтарга толгон. Мындай көрүнүштөрдүн аркасында чыныгы терроризм турат. Киев жаңы эрежелерге ылайык жашап, билим берүүнүн, документ айлантуу, саламаттык сактоонун россиялык стандарттарына өткөн адамдарды мамлекеттин душмандары деп жарыялоодо. Маселен, мектепте мугалим болуп иштегенби, үч жылга камалат. Россиялыктарга бир нерсе сатып же кызмат көрсөткөнбү, беш жылга эркинен ажыратылат.
Администрацияда бир кызматты ээлеп, уюштуруу маселелерин чечүүгө катышканбы, он жылга кесилет. Сот же полиция кызматкери болгонбу, 15 жыл абакта жатат. Россиялык саясатка маалыматтык колдоо көрсөткөндөр 20 жылга эркинен ажырайт. Эгер алардын аракеттеринин натыйжасында адамдар набыт болуп "кесепети оор" тийсе, өмүр бою кесилет.
Мындай багытта миңден ашуун иш козголгон. Анан да соттолгондор аскер туткундарына алмашылбайт. Андан сырткары, мамлекеттик чыккынчылык үчүн да соттошот. Бирок бул үчүн айыптоочу Украинанын суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө, коргонуу жөндөмүнө же маалыматтык коопсуздугуна зыян келтиргенин далилдеп берүүгө туура келет.
"Коллаборационизмге" илинчек табуу үчүн аларга Россиянын өкүлдөрү менен жөнөкөй мамиле да жетиштүү. Украиналык аскерлер көчө аралап, россиялыктар менен кандайдыр кызматташкандарды издеп жүрүшкөнү чагылдырылган тасмалар аз эмес. Адамдарды сабап, опузалап, кемсинтип, Москвага иштегени үчүн кечирим суратышат. Катардагы украиналыктар "бошотулган аймактарга" карай коркуп-үркүп жылып барат. Ар бири алар каалаган убакта саткын деп жарыяланып калышы ыктымал.

Ойдон чыгарылбаган баяндар

Харьков облусунун "территориялык коргоо" бөлүмү адамдардын артынан түшүүдө. Алардын катары атайын соңку айларда чоң жоготууларга кабылган отряддардан түзүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарына таянсак, Киев ушундай операцияларын россиялык армия сентябрдын аягына чейин турган Изюм, Балаклея, Купянск жана Харьков облусунун райондорунда жүргүзмөкчү. Эгер согушкерлер түзүлгөн графикте үлгүрбөсө, Львов облусунан территориялык коргоо бөлүмүн жардамга жөнөтөт.
"Адамдарды иргөө он күнчө созулат... Шаарда тынч, аскерлер тазалоо менен алек", — деп сүрөттөйт Изюм калаасына Киев тарабынан дайындалган жаңы мэр Валерий Марченко.
Иш жүзүндө "тазалоо" мындайча жүрүүдө: жай жарандын жанына унаа токтоп, бир нече аскер түшөт. Дароо эле көчөдөн суракка алып, кайда канча маяна алып иштегенин, эмне үчүн россиялыктар менен иштешүүгө макул болгонун сурашат. Жооптору кандай болгон күндө да ал кишинин тагдыры алдын ала чечилген.
Маселен, Волновах шаарынын тургуну Валентина харьковдук курбусу менен бир нече күндөн бери кабарлаша албайт. Донецк, Луганск республикаларынын союздук күчтөрү келген кезге чейин анын жолдошу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүндө жана жаңы бийликтин тушунда да куткаруучу болуп иштеп, урандылар алдынан адамдарды алып чыгып, өрттөнгөн үйлөрдү өчүргөн. Саясатка дегеле аралашпай, айланасындагыларга гана жардамдашкан.
БУУнун штаб-квартирасынын алдындагы желектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Башаламандыкка бет алып...". Вашингтон дүйнө түзүмүн бузууну сунуштап турат
"Кесиптештеринин айтымында, аны түз эле жумушунан кармап кетишкен. Эми курбумдун да кабарын ала албай жүрөм. Билдирүүлөргө да жооп жок", — деп санаа тартат Валентина.
Жазалоочуларга коңшулар көп "көмөктөшүүдө". Атап айтсак, айрымдары жеке таарынычтарынан улам, кай бири кооптуулукту өзүнөн оолактатуу, кээ бири жөн гана Россияны жек көргөнү үчүн жанаша жашаган адамдарга жалаа жабышат.
"Медайым элем. Россиялык армия кеткенде коңшуларым "украиналыктарга беребиз, алар сени мууздашат" деп ачык эле айтышты. Атууга кете тургандардын тизмесин түзүп жатышкан", — деп каңырыгы түтөйт Борисовка айылынан Евгения. Ал качып чыгып, азыр Белгород облусундагы качкындар лагеринде баш калкалоодо.

Эл үнү

Анткен менен украиналыктардын баары эле жаалданып турган жери жок. Киев эл аралык социология институту жарандардын жарымы Россия менен кызматташуу үчүн ишкер жана мугалимдерди жазалоону туура эмес көрүшөт. Медиктерди куугунтуктоону сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы, ал эми чиновниктердин изине түшүүнү 69 пайызы колдогон. Албетте, айрыкча Украинанын батыш облустарындагылар кыйла радикалдуу.
"Бул территорияларда украиналык бийлик кандай аракет этеринен эч ким шек санабаган. Киев эч качан өз жарандарын аяган эмес, ал эми Левобережныйдын жашоочуларын дегеле адам катары санабайт. Украинанын көзөмөлүндөгү Николаевдин мисалында деле мунун баары айдан ачык. Суу, тамак-аш жана дары-дармек менен жабдууда да үзгүлтүк болууда", — дейт саясат таануучу Александр Дудчак.
Кремлге иштөөгө айыптоо үчүн телефонунда россиялык номердин катталганы же украиналык саясатчылардын кай бирин сынга алуусу деле жетиштүү экенин белгилейт эксперт. Согушка катышуудан баш тартууну да алар сатып кетүүгө теңеши мүмкүн. Репрессияны жөнөкөйлөтүү үчүн бийлик атайын онлайн-тиркеме иштеп чыккан. Ал аркылуу Украина коопсуздук кызматына дароо эле маалыматты жеткирүүгө болот. Булардын баарын көрүп туруп деле Батыш Киевди сынга алууну ойлоп да койбостугуна кейийт саясат таануучу Сергей Марков.
"Өлкө башында кол жоолукка айлангандар турат. Украина Россияга каршы бир мамлекетке айланууга тийиш, ошондуктан калкты мажбурлоо менен дерусификациялап жатышат. Баш ийбегендей аеосуз саясий жазанын курмандыктарына айланууда", — деп өкүнөт талдоочу.
Мындай саясатты 2014-жылдан бери жүргүзүп келишет. Бирок неоулутчулдар эң оболу күч түзүмдөрүндө башташкан. Эми бүтүндөй мамлекет алардын колунда эмеспи дейт эксперт.
"Азыркы Украинаны Италия жана Германияда ХХ кылымдагы фашисттик режим менен салыштырууга болот. Батыш кураторлорунун тандоосу да тегин жерден эмес, мындай саясий тутумдар согуштук аракеттер шартында жогорку майнаптуулугун көрсөтүп келген", — деп белгилейт Марков.
Адистер Киев мында бир гана максатты – Харьков облусунун тургундарын жазалап, башка украиналыктардын жүрөгүнүн үшүн алып, Россия менен кызматташуудан баш тартууга мажбурлоону көздөгөн.
РФ президенти Владимир Путин жарандарына телекөрсөтүү аркылуу шашылыш кайрылуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыштын максаты — Россияны жок кылуу
Жаңылыктар түрмөгү
0