Кытайдын ТИМ башчысы: Россиянын БУУдагы ролун эч ким жое албайт

© Фото / пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүКытайдын ТИМ башчысы Ван И россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда. Архив
Кытайдын ТИМ башчысы Ван И россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Ван И БУУ АКШда болгону менен уюм бардык мамлекеттерге таандык экенин белгилеген.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия БУУда маанилүү орунду ээлейт жана аны эч ким жоюп сала албайт. Бул тууралуу Кытайдын ТИМ башчысы Ван И россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ван И алгач Лавровду БУУнун баш кеңсеси жайгашкан Нью-Йоркко келиши менен куттуктаган.
"БУУ АКШда болгону менен уюм баарыбызга таандык. Россия — Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана мындан ары да БУУда маанилүү роль ойношу керек. Россияны бул укуктан эч ким ажырата албайт", — деген ал.
Кытайдын тышкы иштер министри Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Самаркандда ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушууда эки тараптуу мамилелерди талкуулаганын эске салып, анда жетишилген чечимдерди ишке ашыруу үчүн Лавров менен бирге иштешүүгө даяр экенин белгилеген.
"Азыркы шарттарда кызматташуубузду бекемдеп, чакырыктарга биргелешип жооп берүү, дүйнөдөгү тартипти адилеттүү кылуу үчүн глобалдык коопсуздук демилгелерин илгерилеткенибиз маанилүү", — деген ал.
Белгилей кетсек, Россиянын ТИМ башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жумалыгына барган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы БУУ Катчылыгынын имаратында уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажикстан макулдашууну бузду. Жапаров БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0