Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

ӨКМ гумжардам боюнча бардык суроого кайсы номер жооп берерин айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКолл-центрдин кызматкерлери. Архив
Колл-центрдин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Республиканын бардык облустарында жана шаарларында жалпысынан гуманитардык жардамдарды кабыл алган 188 пункт уюштурулган.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардам берүү, бөлүштүрүү жана башка суроолор боюнча күнү-түнү иштеген 112 номерине чалуу керектигин билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен облусунун калкы үчүн республика боюнча гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктулары уюштурулган.
21-сентябрга карата Баткенге ӨКМ тарабынан 131 тонна жардам жөнөтүлгөн. Ошондой эле жарандардын өз күчү менен 732 миң 729 тонна жүк жиберилген. Учурда 188,95 тонна гуманитардык жардам кампада турат.
Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардам 122 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облустарында жана шаарларында жалпысынан гуманитардык жардамдарды кабыл алган 188 пункт уюштурулган.
Боз-Адыр айылындагы качкындар үчүн гуманитардык жардам түшүрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенге жөнөтүлгөн гумжардамды бөлүштүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0