"Бул куру опуза эмес": дүйнө Путинге кулак түрүп турган кез

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында баары аралашып калды. Андагы Байдендин сөзүнөн мурун The Washington Post басылмасы ага Украина жаатында Путинди "катуу жемеге алууга" кеңеш берген.
Байден Россия БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө, ошого карабастан өзүнүн атайын аскердик операциясы менен "БУУ Уставынын негизги принциптерин" бузганын баса белгиледи. Эске салсак, дал ушул нерсе башка мамлекеттерди кошуп, Коопсуздук кеңешин кеңейтүү далалатына шылтоо болбодубу.
Серепчи Виктория Никифорова бул ирет РФ лидеринин дүйнөлүк маанилүү иш-чарадагы сөзүнө жана ага башкалардын реакциясына баам салган. Анын кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешине өзүнө берилген желдеттерин кошкусу келет. Талапкерлерге да токтоло кетели. Биринчи сапта – Германия. Канцлер Олаф Шольц деле буга каршы эмес. Дагы бири – Япония. Тизме булар менен гана чектелбей турганы маалым.
Украинаны курал менен жабдып, жалданма аскерлерин жолдогон АКШ тынчтыкка кам көрүмүш болду. Жергиликтүү аналитиктер америкалык президент БУУдагы сөзүндө Кытайга согуш ачып жибериши да мүмкүн деп күткөн эле. Бирок Байден адам укуктары корголбой жатканын айтымыш болуп, "Кошмо Штаттар Кытай менен жаңжалдашууну каалабайт", – деп ишендирди. Чындап эле эки фронтко — бир убакта Россия жана Кытайга каршы көпкө согуша албайт эмеспи.
Ал эми ошол эле 77-сессиясындагы Путиндин сөзүнө Британиядагылар америкалыктарча реакция кылышты. Державанын ТИМ башчысы Жеймс Клеверли түшүнмөксөн болуп: "Биз эч качан Россияга коркунуч келтирген жок элек го. Анын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген эмеспиз" – деди. Ошондой эле Бен Уоллес жарым-жартылай мобилизация жөнүндөгү буйрук "Украинаны басып кирүү аракетинен майнап чыкпаганын" айгинелейт деп билдирди.
Эки-үч күндөн кийин, референдумдардан соң 113 миң чарчы чакырым аянты бар аймактын калкы Россиянын курамына кошулуп калышы ажеп эмес. Эсеби боюнча бул –  Улуу Британиянын дээрлик жарымы. Путиндин билдирүүсүнөн өзгөчө Европа лидерлери чочулады. Маселен, Путинге кайра-кайра телефон чалган Макрон жарым-жартылай мобилизациялоо чечими "катачылык", Олаф Шольц "аргасыз чара" деп атады. Ал эми Жозеп Боррель атайын операцияга тиешеси бар россиялыктардын баарын соттоого чакырды. Кыязы, РФке Европа биримдигинен санкциялардын кезектеги топтому салынат.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын быйылкы сессиясынын максаты Россияны ачык "жазалоо" эле.
Запорожьеликтердин Буткул элдик съезди референдум еткеруу женундегу маселе боюнча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элдин мүдөөсү, референдумдар, жаңы санкциялар. Кырдаалга сереп
Вашингтон россиялык-украиналык жаңжалда бейтараптуулукту карманган өлкөлөрдү өз тарабына тартууну пландаган. Кытайлык журналисттер таамай белгилегендей БУУнун Башкы Ассамблеясы "Батыштын барымтасында" калган. Бирок Москвадан келген күтүүсүз жаңылыктар көп нерсени өзгөрттү.
Маанилүү мамлекеттердин лидерлери аларды колдоодон баш тартты. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард Нью-Йоркко келип, өлкө президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор мурдагыдай эле Украинадагы тирешти тынчтык жолу менен жөнгө салуу планын карманарын тастыктаган. Ошондой эле Мексика жетекчилиги Россияга каршы санкцияларды жактабай турганын билдирген.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын быйылкы сессиясында Бразилиянын президенти Жаир Болсонару да ушундай эле нукта сөз сүйлөдү. Ал Батыш мамлекеттеринен диалог жана жаңжалды жөнгө салууга жолтоо болбоону талап кылып, "бир уюлдуу" санкцияларды кескин сынга алды.
Расмий Кытай да ушундай умтулууларды жактап, сүйлөшүү жана жаңжалды жөнгө салууга үндөдү. Ошентип бүт дүйнө — дүйнөлүк саясатчылардан "диван жоокерлерине" дейре: Путиндин "Бул куру кеп эмес" деген сөзүн эки-үч күндөн бери талкуулоодо.
"Ал өзөктүк курал колдоноруна ынанбайм", — деп Владимир Зеленский өз кожоюндарын көндүргөнгө убара. "Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт", — дейт Жо Байден.
"Россия НАТО менен өзөктүк согушта утулат", — деп ишенет Түндүк атлантикалык альянстын башчысы Йенс Столтенберг. Ынтымагы ыдырап турган Батыш өз жагдайын түздөй албай келет. Толук кандуу дүйнөлүк согушту өзүн сактоонун бирден-бир куткаруучусу катары көрөт. Ал баарын жууп кетет. Украинаны коргоого жамынып Батыш дагы Россияга каршы жүрүшүн жасаары айдан ачык.
Жетимиш жети жыл илгери аталарыбыз кан-жанын аябай тынч заманды бизге тартуулап берген. Эми андан кол жууп турабыз. Бирок тынчтыкты кайрадан орнотууга тийишпиз.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия эч качан жай алып отурбашы керек, бул өтө кооптуу экен
Жаңылыктар түрмөгү
0