Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бикулов: Кыргыз — Россия бизнес жолугушуулары натыйжасын берүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаИнвестиция боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов коомчулукта инвестициялык маданият түшүнүгүн калыптандыруу керектигин айтты.
Кыргызстан менен Россиянын бизнес өкүлдөрү ортосунда өткөн жолугушуулар алаканы жакшыртып, кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бикулов: Кыргыз — Россия бизнес жолугушуулары натыйжасын берүүдө
Анын айтымында, өлкөнүн инвестициялык дараметин көтөрүп, ири ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралышы абзел.
"Ушул жылдын май айында Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүп, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бизнес миссиялары менен бир катар инвестициялык долбоорлор талкууланды. Бул аянтча бизнес үчүн абдан позитивдүү маанай берип, алаканы жакшыртат. Быйыл бизде ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган I Жаштар форуму, россиялык ишкерлер ортосунда бир топ бизнес жолугушуулары болуп өттү. Мындай иш-чаралар жаш ишкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин, дипломаттардын, креативдүү жаштардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт. Азыркы учурда коомчулукка инвестициялык маданият түшүнүгүн калыптандыруу керек. Бул жагынан алганда бизнес жолугушуулар натыйжасын берүүдө", — деди Бикулов.
Ошондой эле адис дүйнөдөгү геосаясий абалга байланыштуу Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар тараптар көбөйө баштаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0