Путин "Аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизди

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
РФтин Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн чет элдиктер үчүн жарандык алууну жөнөкөйлөтүү каралган.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизген документке кол койду. Бул туурасында Кремль билдирди.
Анда төмөнкүлөр белгиленген:
мамлекеттик коргонуу боюнча буюртманын келишимин бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө;
мародерлук кылгандар үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө;
РФтин Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн чет элдиктер үчүн жарандык алууну жөнөкөйлөтүү жөнүндө;
мобилизация, согуштук абал жана согуштук аракеттер мезгилиндеги кылмыш кылгандарга оорлотулган жагдайды колдонуу жөнүндө;
аскердик кызматка келбей коюп же качып кеткендерди 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө;
согуштук иштерге аралашуудан баш тарткандарды 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө;
мобилизация учурунда, согуш абалында, согуштук аракеттерде же согуштук кагылышууда аскердик командирге зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу мүмкүндүгү жөнүндө;
өз ыктыяры менен колго түшүп бергендерди 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө.
Чогулуш пунктунда аскерге чакырылуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Россияда жарым-жартылай мобилизация кандай жүрөт? Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0