Улуттук банктын кору бир айда канча өскөнү айтылды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Улуттук банктын расмий маалыматында, август айында чет элдик валютаны саткан да, сатып алган да эмес.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бир айда Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык валюта) кору 19 миллион 340 миң долларга өстү.
Аталган банктын резервдер боюнча көрсөткүчү:
июлдун аягына — 2 миллиард 548 миллион 480 миң доллар;
августтун аягына — 2 миллиард 567 миллион 820 миң доллар.
Улуттук банктын сайтындагы маалыматтарга караганда, августта регулятордун интервенция жасабаганы айтылат, тагыраагы, чет элдик валютаны саткан да, сатып алган да эмес.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валютадан — SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтындан турат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0