Алмамбеттин келишине арналган той. Улуу баяндан 8 факт

© Фото / Теодор ГерценГерцендин "Манас" эпосуна тартылган иллюстрациясы
Герцендин Манас эпосуна тартылган иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Жазылуу
Буга чейин Алмамбеттин эл-жеринен безип кыргызга келиши тууралуу айтылган эле.
Алмамбеттин келишин Бай Жакыпка сүйүнчүлөө. Алмамбеттин келиши менен Арстан Манаска жолдош болор жолборс келди, Шер Манаска шерик болор шер келди деп кыргыздын баары сүйүнүп алган. Ошол сүйүнүчтү тез барып Жакып менен байбичесине айтуу керек, алардын сүйүнчүсүн алып кайтуу керек деп өпкөлөп алгандар андан көп. Жоорунчу менен Бозуул баш болгон төрт чоро сүйүнчүгө жөнөдү. Бай Жакып Самаркандын сыртында, Бел-Саз, Кырчын деген жайлоодо бээ байлатып, мал туягын эсептеп жайма-жай жаткан экен кебелбей, баласынын доорунда. Ага "качырганы жолборстой, айсаганы албарстай, эрегишкен душманы эсен-аман калбастай" Алмамбет деген балаң келди" деп айтып барышат. Ошондо байбичеси Чыйырды-Шаакан Манас он бешке чыкканда жума күнкү бир түшүндө Алмамбетти көргөнүн, ошол он алты жылдан бери бул бала качан келер экен деп ойлоп жүргөнүн ортого салат. Жакып болсо сүйүнчүгө келген төртөөнө төө баштаган үч тогуз мал тартуу кылат. Өзү да шашкалактап Манас менен Алмамбетке жетип барууга Бозжорго атты издей баштайт.
Жакып менен Шаакандын Алмамбетти көрүүгө ашыгышы. Ыйман жылкычы жылкыларын жыйганы чапкылайт, Жакыптин байбичеси минер Бозжоргону издешет. Жакып аксакалдуу чалдардан алтымышын жыйнады, байбичеси Шаакан инабаттуу жандардан, нарктуу ургаачылардан он эки кемпир чогултту. Ак сакалын жайкалтып, куу жүзүн күлкүгө бөлөп чайпалтып, алтымыш чалдын алдында Бай Жакып баштап келет баарысын. Торко тон кийип жайкалып, Бозжорго минип чайпалып, жер-сууга батпай кең жүрүш менен Шаакан байбиче келет алардын артынан он сегиз кемпирди ээрчитип. Булар келе электе эле акылман кары Ажыбай Алмамбетке карап, "атаңыз келе жатат" деп сүйүнчүлөп иет. Муну угары менен Алмамбет кантип тура алсын, Жакыптын алдынан чыгат. "Каралдым балам, келдиңби, Кыдыр чындап бердиңби" деп Бай Жакып көзүнүн жашын көл кылып, анысын сакалдан ылдый төгүп буркурайт. Буга эреркеген эли да жок, атасы да жок, ээн журтка келген Алмамбет да "анык ата бул экен" деп көзүнүн жашын он талаа кылып солуктайт. Экөө төш тирешип, далы тапташып кыйла турат жытташып. Булар качан бүтөт деп Чыйырды-Шаакан байбиче чыдай албай кыйналат.
Манас баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Манастын жери Талас деп аталышы, Алмамбеттин келиши. Улуу баяндан 6 факт
Манас менен Алмамбеттин эмчектеш болуп калышы. Анан Алмамбет байбиченин жакасын жыттай баштайт. Ошол кезде Шаакан эне минип келген Бозжорго кой-айга дагы карабай алтымыш чалды аралап чаап барып, Туучунакка жакындайт. Алмамбетти көргөндө байбиченин эмчеги эми эле тууп-түшкөн келиндин эмчегиндей ат үстүндө ийип кетет, дирт-дирт этип сүт чыгат. Муну сезип Алмамбет байбиченин эмчегине тумшугун жакындатат. Ошол кезде Чыйырды жаш чагын эстеп, оң эмчегин Манастын оозуна салат, сол эмчегин Алмамбеттин оозуна алып барат. Эмчектин сүтүнөн өткөн жагымдуу нерсе болобу, экөө жыргап турат, бирине бири карап турат. Отуздагы Манастын эмчек ээмп атканына атасы күлүп караса, жардап тургандардын баары сүйүнгөндөн көздөрүнө жаш алат.
Алмамбетке энчи берүү. Манас барбалаңдап атадан төртөө, энеден экөө болдум деп эл жыйып, той берүүнү ойлонот. Булардын бул турушуна он эки зайып ээрчиткен Бакдөөлөт келип кошулат. Баатырдын бир туугандары Абыке, Көбөш жөн турмак беле, куш салып, ат жарышып жүргөн жеринен алар да жете келет. Алар "айры өркөчтөн төө алып, ак саргылдан бээ алып, уйдан камдап семиздеп, төрт түлүк малдан тегиздеп" кырк бир мал айдатып алыптыр. Бу малын Алмамбет аяш агасынын келишине атап, карып менен мискиндерге бүт таратып берди. Акылдуу жигит болгон экен Абыке, "баш куттуктаар тоюм деп", сексен бээ союп сел кылды, сегиз уруу эл жыйды. Алмамбетке энчи деп кара малдан беш жүздү, койдон миңди берди.
Алмамбеттин Аккула атты кайра Манаска кайтарышы. Алмамбетке аталган тойго сегиз кандын журту чакырылды. Жакып, Бакай, Кыргыл чал, кырк жигит байбиченин ак сарай өргөөсүнөн жай алды. Дасторкондо чымын конор орун жок, тамакка баары тоюшту, эми кол жуумакчы болушту. Ошол кезде Алмамбет сөз алып, "алты ай минсе талыкпас Аккула атыңды мага тартуу кылдың, бул ат коргошундай салмагың бар, тула боюң тууш күч экен, сага гана ылайыктуу, башында марттык кылып мага берип салдың, пейилиңди байкоо үчүн макул көрүп алып койгомун, эми атакемдин үйүндө энемдин урматы үчүн Аккула атыңды кайтып беремин" дейт Манаска карап. Анан да "Сандаган журтум бүт болсун, Сарала ат мага кут болсун, атпай кыргыз журт болсун, Аккула сизге кут болсун" деп бата кылып жиберет.
Ысык-Көл облусунда “Манас ааламы” тасмасынын тартылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Манастын түшү жана аны Ажы чечендин жорушу. Улуу баяндан 5 факт
Ат чабыш. Алмамбеттин кебине уюп калган көпчүлүк аттарына минишет. Аттарын байгеге кошчулар ат чубатууга келишет. Байгесине беш жүз жылкы, миң кой сайылат. Байгени укканда аты бардын баары бул жарышка катышууга камынат. Он беш атка байге берилмек болду. Баш байгеси эки жүз жылкы, үч жүз кой. Он бешинчи болуп келгенге тогуз жылкы, отуз кой тиет. Чубатуудан төрт жүз сексен күлүк өттү. Аттар жарышка түштү. Белгиленген Самаркандын талаасында башка аттардан аш бышым алдыда Көкөтөйдүн Мааникер деген аты келди. Жылкы эмес бекен жаныбар, дароо көзгө илинди. Экинчи Манастын Аккуласы жетти, үчүнчүсү Байжигиттин Малкара, төртүнчүсү Алмамбеттин Сарала, бешинчиси Бакайдын Көкчолок, алтынчысы Ажыбайдын Карала, жетинчиси Кейкубаттын Тобурчак, сегизинчиси Кыргыл чалдын Акборчук, тогузунчусу Токотайдын Тору аты. Он алтыга жаңы чыккан Абыке өзү Кактелки деген атын чапкан эле, он төртүнчү болуп жетти марага. Аты мөрөй алгандар кудуңдап, аты артта калгандар арманын айтып ат чабыш да тамамдалды. Ошону менен той да тарады.
Манастын зайыптарынын Алмамбет менен кездешүүсү. Коноктордун конору конуп, кетери кетип болгон соң кыйладан бери оюнда жүргөнбү, Манас баатыр Алмамбет бир тууганына жубай болор жакшы жар издеп кирет. Ал кыз акылга дыйкан болсо, уз болсо деп сүрүштүрөт. Ары жүрөт, бери жүрөт, бектеринен сурайт. Ошол чакта Алмамбет ары бир тууганы, ары эмчектеши Манасты издеп Жакып байдын үйүнө эки жолу келип кетет убара тартып. Акыры айла кетип Карабөрккө барат, Манас жөнүн сурап. Анысы жактырбай "жаткандыр да ал төрөң Канышынын үйүндө" деп коёт. "Канышың ким" дейт Алмамбет. Анда Карабөрк "эркесинин үйүндө жаткандыр төрөң чалкалап" десе, Алмамбет дагы дале түшүнбөй оозун ачат. Ошондо Карабөрк аялдыкка салып катуу күлүп, бек сүйлөп: "Көрө элек белең жеңеңди, тиги, какчаңдаган кара бет, Шооруктун кызы Акылай, шоодураган капырай, Акылай сулуу дегенди" дейт. Бул зайып кыз күнүндө кыйла баатыр болгонун, чогоол өскөнүн, эми минтип чорт сүйлөп, күнүлүк кылып жатканын аңдайт. Анан Алмаң жай гана ат бастырып Акылайдын өргөөсүнө барат. Барса, Акылайы төрдө отурат, киши келдиби, башка келдиби, бир козголуп койбойт. "Аттан түшпөй адам чакырган сен кимсиң" деп кекетет. Алмамбет атын айтат, адам издеп келгенин айтат. Акылай болсо издегени мында эместигин, "төрөң байбичесинен бошой албай жаткан болсо керек да" дейт.
Алмамбетке аял издөө. Манастын зайыптары менен жогоркудай таанышкан соң Алмамбет жарадар болгон жолборстой ыңгыранып Бай Жакыптын үйүнө кайтып келет. Ал аңгыча Манас да бир жактан келе жаткан экен. Анын кайда барып, кайдан келгенин атасы сурай калса, Манас "балаңа катын издеп бастырып жүрдүм акырын" деп кыргыздан кыйыны барбы, казактан кадырлуусу барбы деп кырк жигит менен Самаркандын бүт кыштагын кыдырганын, иниси катынсыз жүрсө, өзүнүн дуулап жүргөнү болбостугун айтат Бай Жакыпка. Көрсө, ал же тигил, же бул катыныныкында эмес эле сегиз күндөн бери чырм этип уйку албай септүү кыз издеп чарчаптыр. Ошентип жолукканда Манаска ыраазы болгон Алмамбет ага Карабөрк менен Акылайды баатырдык менен байкабай, эрдиги менен элебей катын деп эле атап жүргөнүн каңкуулайт. Карап турсам өзүңүз кадимкидей эле бойдок экенсиз дейт. Анын сөзүн ырас көргөн Эр Манас башка катын алууну ойлоп, эки зайыбына тең каттабай, он күн жатып алат...
Алмамбет баатыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт
Манас ааламы фильмин тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0