Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Бишкекте Баткенден келгендер үчүн төрт пункт иштеп жатат. Даректери

© Sputnik / Igor Egorov / Медиабанкка өтүүБаткен районунун Боз-Адыр айылындагы көчөдө качкындар
Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы көчөдө качкындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Баткендиктер кандайдыр бир суроолор жаралса аталган жайларга кайрыла алышат.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу Баткен облусунан келген тургундар үчүн Бишкекте пункт ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Баткендиктер кандайдыр бир суроолор жаралса аталган жайларга кайрыла алышат.
Пунктулар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек жолу проспектиси, 495, 0(312) 670433, 0700 020167;
Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй проспектиси, 28, 0(312) 530368, 0702148830;
Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик баатыр көчөсү, 17, 0312 51-02-63, 57-04-59;
Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2, 0(312) 653748, 653926.
Мындан сырткары, мэрия Баткендеги куралдуу кагылышта жабыркагандарга бишкектиктер 552 563 сом чогултуп бергенин белгиледи. Аны менен катар 12,3 тонна ун, 49,3 тонна кумшекер, 3 095 литр өсүмдүк майы, 1 393 даана консервацияланган азыктар, 7 тонна ун азыктары, 9 тонна гигиеналык каражаттар, 4 007 медициналык керектөөлөр, 2,7 тонна жер-жемиш, 2,8 тонна дан азыктары, 351 килограмм кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлгөн.
 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Ташиев: эвакуациялангандар, үйүңөргө кайта бергиле, чек арада абал тынчыды
Жаңылыктар түрмөгү
0