Контрафакт менен күрөшүүнү жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Кыргызстандын сунушу

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы контрафакт ири өндүрүшчүлөргө да, чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө да залакасын тийгизерин белгилеген.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жаңы жагдайлар жана чакырыктар контрафакт менен күрөшүүнүн өзгөчө механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талап кылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Антиконтрафакт-2022" X юбилейлик эл аралык форумунда билдирди.
Анын айтымында, контрафактылык жана фальсификацияланган продукцияны мыйзамсыз өндүрүп, пайдалануудан түшкөн жүгүртүүнү баңгизат, курал-жарак жүгүртүүдөн, мунай өндүрүүдөн түшкөн киреше менен салыштырса болот.
"Контрафакт ири өндүрүшчүлөргө да, чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө да залакасын тийгизет. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджети жыл сайын миллиарддаган салык кирешелерин жоготууда", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Жапаров интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктарын коргоо жана контрафактылык продукцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдык базага да токтолгон.
"Жаңы жагдайлар жана чакырыктар контрафакт менен күрөшүүнүн кыйла өркүндөтүлгөн жана өзгөчө механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талап кылууда. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун, эл аралык, илимий, билим берүү уюмдарынын, укук ээлеринин, ар кыл өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тең укуктуу кызматташтыкты түзмөйүнчө продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу мүмкүн эмес", — деген Жапаров.
Ал ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыкканда гана интеллектуалдык менчик укуктар, инвесторлор корголуп, өндүрүш өнүгөрүн белгилеген.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Пресс-борбор
ЕАЭБдеги барьерлер маселеси кандай чечилип жатканын министрликтен айтып беришти
Жаңылыктар түрмөгү
0