Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Садыр Жапаров: тажик тарап жерлерди басып алабыз деп кол салган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров
Мамлекет башчы Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кылымдардан бери коңшу жашап келе жаткан тажик элинин башында тургандар чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна алдын ала чагымчыл план түзүп, Кыргызстанга арам ой менен кол салды. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткенде курман болгон аскер кызматкерлери үчүн митинг-реквиемде билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, бүгүн Баткендеги кандуу кагылышууда танк ичинде күйүп кеткен үч жоокердин сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди. Президент башында турган бийлик өкүлдөрү топурак салууга катышып, өлкө башчысы сөз сүйлөгөн.
Жапаров тажик тарап маселени агрессия жолу менен чечүүнү каалаганын, "жерлерди басып эле алабыз" деген арам ою болгонун белгиледи.
"Чек арадан алыс жайгашкан облустун жүрөгү — Баткен шаарын дагы реактивдүү куралдар менен аткылашты. Өрүкзарлуу Баткен жергебизге бүлүк салды. Бейпил жаткан элибиздин башына каран күн түштү. Жүз миңдеген элибиз конушунан козголуп, коопсуз аймактарга кетүүгө аргасыз болду. Бирок Манас атабыздын урпактары Баткен жерине оор техника менен бастырып кирген баскынчыларга татыктуу жооп кайтарды, тикесинен тик туруп, аскерий техникаларынын таш-талканын чыгарып, артка кууп чыгышты. Бири кем дүйнө, куралдуу жаңжалда душмандын ажал бүрккөн огунан мекенин сүйгөн эр-жигиттерибиздин кырчындай өмүрлөрү кыйылды. Алардын аталары сыздап, энелери боздоп, жубайлары, балдары кан какшап ыйлап калышты. Кайрат кылыңыздар, мамлекет силерди унутта калтырбайбыз", — деген ал.
Мамлекет башчы жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай турганын белгилеп, алар үчүн "Ата-Бейитке" атайын эстелик тургузуларын кошумчалады.
Баткенде танк ичинде күйүп кеткен үч жоокердин сөөгү Ата-Бейитке коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде танк ичинде күйүп кеткен үч жоокердин сөөгү "Ата-Бейитке" коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0