Ижевскидеги мектепке кол салуу. Жапаров Путинге көңүл айтты

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектебинин жанындагы полиция жан тез жардам кызматы
Россиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектебинин жанындагы полиция жан тез жардам кызматы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
Мектепте ок чыгарган кылмышкердин айынан 15 адам мерт болду.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге мектепте атылган октон адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Россиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөcүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм", — деп телеграмма жөнөткөн президент.
Белгилей кетсек, бүгүн, 26-сентябрда, Ижевск шаарында белгисиз киши мектепке кирип ок атып, 15 адам, анын ичинен 11 бала каза болду. Ошондой эле 24 адам (22 жаш бала) жаракат алган. Кол салган киши кылмышынан кийин өз жанын кыйган. РФ Тергөө комитети ал ушул мектептин бүтүрүүчүсү экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Путиндин сөзүн бурмалап жатышса керек. Жапаров техника тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0