ЖМК: Еврокомиссия Россияга салган чектөөлөрүн жумшартууну сунуштайт

© Sputnik / Алексей ВитвицкийЕБ желектери. Архив
ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Батыштын кээ бир кадамдарына Кипр менен Венгрия каршы чыккан.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Европалык комиссия Россияга каршы жаңы санкцияларды талкуулоо алкагында мурда киргизилгендеринин ичинен бир катарларын жумшартат. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына шилтеме кылып кабарлаган.
Шаршемби күнү саат 14:30да Еврокомиссиянын ЕБ өлкөлөрүнүн элчилерине Россия мунай затына баанын жогорку чегин киргизүүнү караган жаңы чаралар боюнча маалымат берери күтүлүп жатат. Брюссель ошол эле учурда жер семирткич, күлбото жана башка продукциялар боюнча санкцияны алышы мүмкүн.
Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан тарта ЕБ өлкөлөрү буга жооп кылып бир нече жума бою нефтиге жогорку баа чегин коюп турууга ниеттенип жатканын Bloomberg билдирген. Анткен менен бул агенттик көп өтпөй санкциялардын кеңири пакети макулдашылмайын, ал маселени кийинкиге жылдырып турушаарын жазды. Себеби, мындай кадамга Кипр менен Венгрия каршы чыккан.
Ал эми Россия бийлиги эгерде РФтин кызыкчылыгына каршы келсе, чет мамлекеттерге эч нерсе чыгарбай тургандыктарын билдирген эле.
Украинага карата атайын операция башталгандан тарта Батыш Москвага койгон чектөөлөрүн күчөткөн. Европа менен АКШда электр кубатына, отун ресурстарына, азык-түлүккө болгон баанын асмандап кетишине алып келген. Путин мындай кадам атаандаштардын Россияны тизелетүү боюнча эбактан келе жаткан планы экенин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгын белгилеген.
Европа биримдигинин желеги жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Европада энергетикалык каатчылык күч алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0