Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЛЭР башчысы: 8 жыл бою Киев режими тарабынан геноцидге кабылып келдик

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник
 Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Луганскинин башчысы мурдараак РФтин курамына кирүү боюнча өткөн референдумдун бюллетендери эсептелип, "макул" деп добуш бергендер элдин 98,42 пайызын түзгөнүн айтты.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Киев Донбасста сегиз жыл бою террорчулук кылып келди. Бул тууралуу Луганск Элдик Республикасынын башчысы Леонид Пасечник Россия Федерациясынын курамына кошулуу боюнча Владимир Путинге жолдогон кайрылуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
ЛЭР башчысы мурдараак РФтин курамына кирүү боюнча өткөн референдумдун бюллетендери эсептелип, "макул" деп добуш бергендер элдин 98,42 пайызын түзгөнүн айтты.

"Луганск Элдик Республикасынын жашоочулары сегиз жылдан бери Киев режиминин аткылоолоруна жана геноцидине кабылып келди. ЛЭРдин аймагына кирип келебиз деп жаалдана аракет кылган неонацисттер республиканын коргоочулары менен ачык салгылашта жеңилүүгө учурап, террорчулукту күчөттү. Жарандык жана өнөр жай инфраструктураларын аткылоого алып мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды жок кылып жатышат. Батыш айдактаган Киев бийлиги эч кимди: улгайгандарды, аялдарды, эң коркунучтуусу, балдарды аяган жок, алар каза болуп жатат", — деп айтылган ЛЭР башчысынын РФ лидерине жасалган кайрылуусунда.

Ал "цивилизациялуу" тараптардын унчукпай отурганын сынга алган.
"Тырмакчанын ичиндеги "цивилизациялуу" дүйнө унчукпай турат. Бир дагы мамлекет, бир дагы эл аралык уюм Киевдин Донбасстагы кылыгын айыптап билдирүү жасаган жок. Бул сегиз жыл аралыгында Россия Федерациясы гана Донбасстын жашоочуларына ар тараптуу жардамын көрсөтүп келүүдө. Биздин биргеликте адилеттүүлүккө жетерибизге ишенерибизди айткым келет. Аскердик кылмышкерлер адилеттүү соттун алдында жооп берет, ал эми кылмыштуу буйрукту бергендер тиешелүү жазасын алат", — деп айтылган кайрылууда.
ЛЭР башчысы шаршемби күнү Россия лидери Владимир Путинге аталган республиканын РФтин курамына кирүү өтүнүчүн кароону суранып кайрылган.
Донецк Элдик Республикасынын башчысы Денис Пушилин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушилин ДЭРдин конституциялык аймактарынын бардыгын бошотууга убада берди
Жаңылыктар түрмөгү
0