Ош шаарында жаңы таштанды таштоочу жай курулат

© Фото / ГосэкотехинспекцияОш шаарындагы таштанды полигону. Архив
Ош шаарындагы таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Салына турчу полигондун пландалган аянты 24 гектарды түзөт.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош шаарында учурдагы таштанды таштоочу жайдын жанына жаңы санитардык полигон курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектар.
"Биз беш жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Иш-чаралар ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда долбоорго даярдык жүрүп жатат", — деди вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.
Ошондой эле ал азыр иштеп жаткан полигон европалык стандартка ылайык рекультивацияланып, андан кийин жабыла турганын белгилеген.
Ошко быйыл 20дан ашык жол курулуш техникасы алынат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол куруу техникасы алынат
Жаңылыктар түрмөгү
0