Путин: Батыш КМШда чатактын отун жандырчу сценарийди түзүүдө

© Sputnik / Гавриил Григоров / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Путин геосаясий жактан касташкан тараптар өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн кайсы гана өлкө болбосун кризистин чордонуна айлантууга даяр экенин белгиледи.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Батышта КМШ аймагында жаңы чыр-чатактын отун жандыруу боюнча сценарийлер иштелип жатат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин шериктеш мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери менен өткөн онлайн жолугушууда айтты.
Анын билдиргенине караганда, геосаясий жактан касташкан тараптар өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн кайсы гана өлкө болбосун кризистин чордонуна айлантууга даяр. Анын ичинде кандуу кагылышууну уюштуруп, "түстүү ыңкылаптын отун жандырууну" көздөшүүдө.

"Батышта КМШ аймагында жаңы чыр-чатактын отун жандыруу боюнча сценарийлер иштелип жатканын билебиз. Бирок бизге ансыз деле булар жетиштүү. Учурда Россия менен Украина ортосунда жана шериктеш башка өлкөлөрдүн чек араларында болуп жаткан окуяларга байкоо салсак жетиштүү болот. Албетте, бул Советтер Союзунун кулашынын кесепети, бул түшүнүктүү нерсе. Анткен менен дестабилизация, анын ичинде Азия-Тынч океан аймагындагы туруксуздук боюнча кооптуулуктар өсүп жатат", — деген Россия лидери.

Ал шериктеш мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызматтары өтө кооптуу деген нерсеге туш келе турган чекте тургандыгын айтты.
"Силердин алдыңарда көп, бирок окшош милдеттер турат: өлкөлөрдө тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо, улуттук суверенитетти бекемдөө, интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүгө багыт алуу. Бул маселелерди чечүүдө биримдик жана чалгын, коопсуздук кызматтарынын өз ара иштешүүсү зор роль ойнойт", — деп кошумчалаган Путин.
Анын айтымында, бул тажрыйбаны болушунча көп пайдалануу керек.
РФ президенти Владимир Путин жарандарына телекөрсөтүү аркылуу шашылыш кайрылуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыштын максаты — Россияны жок кылуу
Жаңылыктар түрмөгү
0