Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт. Күнү, убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы таштарды мажбурлап түшүрүү. Архив
Боом капчыгайындагы таштарды мажбурлап түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Тазалоо иштери учурунда автоунаалар бир тарап менен жүрүп турат.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 3-7-октябрь ичинде Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 118-чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатуу жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

"Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин аталган иштер күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда автоунаалар бир тарап менен жүрүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана эгер тыгын жаралып 30-40тай автоунаа өтө албай туруп калса, таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлө турганын кошумчалады.
Нарын шаарында мыйзамсыз токтотулган унааларды айып короосуна алып келүүчү эвакуатор сатып алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Нарын мэриясы эвакуатор сатып алды, туура эмес токтогон унааларды жүктөп кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0