Бишкекте ири съезд өтүүдө. Анда Ломоносов атындагы окуу жайдын ректору сүйлөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте ири съезд учурунда Ломоносов атындагы окуу жайдын ректору сүйлөдү
Бишкекте ири съезд учурунда Ломоносов атындагы окуу жайдын ректору сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Садовничий жогорку окуу жайлардагы кесиптик кошуундар уюмдарынын Евразия ассоциациясы университеттер ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого салым кошконун белгилеген.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жогорку окуу жайлардагы профсоюз уюмдарынын Евразия ассоциациясынын 34-съезди өтүүдө.
Анда ассоциация президенти, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий катышуучуларга онлайн-видеокайрылуу жасап, уюм 1987-жылдан бери иштеп келерин айтты.

"Бул убакыт аралыгында ассоциация билим берүү мейкиндигин сактоого жана университеттер ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошту", — деди Садовничий.

Ал ассоциациянын ишин жогору баалап, ЕАЭБ мамлекеттериндеги студенттер менен ЖОЖ мугалимдеринин социалдык жана экономикалык маселелерин чечүүдө тажрыйба топтолгонун белгиледи. Ошондой эле Евразия университеттер ассоциациянын алкагында чоң иштер аткарылып жатканын айткан. Быйыл Россия, Кыргызстан жана Беларусь мамлекеттеринин ректорлорунун форуму болуп, анда Бишкекте евразиялык тармактык университетти түзүү боюнча меморандумга кол коюлган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов съезддин жүрүшүндө Евразиядагы ЖОЖдорду өнүктүрүү маселелери талкууланат деген ишенимин билдирген.
Бишкекте Кыргыз улуттук университетинде Николай Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата көргөзмө өтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата Бишкекте көргөзмө өтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0