Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев. Архив
Бишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Жазылуу
Абдиев Мамкурулушту жетектеп турганда оорукана куруп жатып 13,5 миллион сом кымырып алганы айтылууда.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары Мамкурулуштун мурдагы директору, Бишкектин учурдагы вице-мэри Бактыбек Абдиев кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Ал аталган оорукананын имаратын куруу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны конкурстук тандоо өткөрбөстөн туунду подрядчы менен 340 миллион сомго келишим түзгөнү үчүн айыпталууда.
"Жасалган иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албоо, бүтпөгөн жумуштарга акы төлөө жана башка финансылык тартип бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 миллион сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Мамкурулуштун мурдагы директору Бактыбек Абдиев, департаменттин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженер Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалган.
Абдиев катуу ооруп калгандыгына байланыштуу 29-сентябрда Биринчи май райондук соту үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Ал эми башка кызматкерлер бир айга тергөө абагына киргизилген.
Мындан тышкары, УКМК 13,5 миллион сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын орду подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен толтурулганын белгиледи. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2022
Алтынбек Сулайманов кармалдыбы? УКМК расмий маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0