Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар
Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышуудан каза болгондордун саны 50гө жеткени маалымдалган.

2022-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда Тажикстан себепкер болгон кандуу кагылышуу чыккан. Чек арага чеп болуп душмандын огунан курман болгон кыргыз жоокерлери эл-жер алдындагы милдетин толук аткарышты. Sputnik Кыргызстан агенттиги Ата Журтун коргоп шейит кеткен баатырларды эскерди.
  • Апсамат Жекшенбек уулу
    24 жашта
    Улук лейтенант Апсамат Жекшенбек уулу 1998-жылы Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулуп-өскөн.

    Апсаматтын жакындары уулунун мекенчилдик сезими өтө бийик болгонун айтышат. Анварбек Чортеков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтуна тапшырат. Майлуу-Суу шаарчасындагы 12544 аскер бөлүгүндө 2-тоо аткычтар ротасынын 1-тоо аткычтар взводунун командири болуп элине кызмат өтөп баштайт. Андан соң Баткендеги чек арага аскердик кызматын өтөөгө кеткен. Аскерге баруу Апсаматтын бала чагынан берки кыялы болгон.
  • Эламан Ураимов
    29 жашта
    Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы баатыр, батальондун командири Эламан Ураимовдун сөөгү 18-сентябрда Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди.

    Жалпы кыргыз эли мекен чегинде жан берген баатырлардын арасында Эламандын эрдиги менен ары сыймыктанып, ары анын ажал алдындагы абалына кейип турган чагы. Эламан Ураимов тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Аскерлештерин сактоо максатында жана каршылаштарынын туткунуна түшпөө үчүн өзүн граната менен жардырган. Эламан өзү менен кошо кармашып жаткан тажик тараптын беш-алты аскерин жок кылгандыгы маалым.

    Ал Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейден жана Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунан билим алган. Маркумдун артында жубайы, бир уул, бир кызы калды. Ош облусунун Савай айылында туулган капитан Ураимов батальондун командири болгон.
  • Нурсултан Жаныбеков
    27 жашта
    Баатырларча курман болгон улук лейтенант Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда Нарын районунун Оттук айылында жерге берилди. Ал мектепте 9-классты аяктаган соң агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган.

    Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы, "Бөрү" атайын даярдалган отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары болуп эмгектенген.

    2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. 2015-жылдын 7-апрелинде кызматын аяктап, Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө кызматка кирген.

    2022-жылдын 23-мартында 2054-аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

    Сержант Нурсултан Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

    Нурсултан Жаныбеков үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу. Ал 1995-жылы Нарын районунун Оттук айылында төрөлгөн.
  • Бектур Ыслам уулу
    31 жашта
    Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда мерт болгондордун арасында Баткендеги 2001-аскер бөлүгүнүн "Лейлек автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү, прапорщик Бектур Ыслам уулу да бар.

    Ош мамлекеттик университетинен билим алып, 2008-2009-жылдары Жалал-Абадда армияда кызмат өтөп, 2011-жылы аскерде иштөөгө кеткен. "Лейлек" өткөрүү пунктунун көзөмөлдөөчүсү, прапорщик болгон.

    Он жылдан бери Чек ара кызматында жүрүп баатырларча көз жумган Бектур Ыслам уулунун артында эки баласы жана кош бойлуу келинчеги калды. Ал 1991-жылы Ош шаарына караштуу Жапалак айылында төрөлгөн.
  • Мухтарбек Сулайманов
    25 жашта
    Баткендеги тажиктердин баскынчылыгынан улам келип чыккан кандуу кагылышта 16-сентябрь күнү улук лейтенант Муктарбек Сулайманов каза болду.

    Ага Баткендеги Самаркандек айылында душмандын огу тийип облустук ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей каза болгонун жакындары тастыкташты.

    Мухтарбек Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы аскердик академияны ийгиликтүү аяктаган. Ал мындан туура үч ай мурун үйлөнгөн. Улук лейтенанттын сөөгү өзү туулган (1997-жылы) Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди.
  • Жаныбек Якубов
    25 жашта
    Баткендеги кандуу каргашада 17-сентябрга караган түнү Жаныбек Якубов Лейлек районунда ок-дары менен аскердик унааны айдап бара жатканда тажик тараптан атылган миномёттун сыныктары тийип каза болгон. Сөөгү Катта-Туз чек ара бекетинен табылган.

    Беш бир туугандын кенжеси Жаныбек үйлөнө элек эле. Жоокер 1997-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылында туулган.
  • Нурбек Баратов
    19 жашта
    Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кырчындай кезинде өмүрү менен коштошкондордун бири Нурбек Баратов. Ал "Кулунду" чек ара заставасына тажик тараптан кол салуу учурунда көзүнө ок тийип шейит кетти.

    Нурбек 2022-жылдын апрель айында келишимдик негизде кызмат өтөөгө кеткен. Үйдүн жалгыз уулу болгондуктан жакындары анын армияда кызмат өтөөсүнө каршы болгон. Бирок жоокердин каалоосу күч эле. Россияда иштеген ата-энеси Москвадан келгенче сөөк жерге берилип, алар жалгыз эркек баласына топурак сала албай калышты. Артында эки карындашы калды.

    Нурбек 2003-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган.
  • Чыңгыз Акчалов
    23 жашта
    Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон чек арачы Чыңгыз Акчаловдун кичи мекени Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жерге берилди.

    Чыңгыз танкалык бөлүктүн командири болгон. Танк түтөп, сыртка чыкканда жүрөгүнө ок тийгени маалым.

    2016-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда окуган. 2019-жылы Ош облусундагы аскер бөлүктө эмгектенген. 2021-жылы Баткен облусуна которулуп, чек арачы кызматына өткөн.

    Бир тууган агасынын айтымында, Чыңгыз Кыргызстандын атынан Россиядагы парадга, Эл аралык танк биатлонуна катышып, президенттин Алкыш баракчасы менен сыйланган.
  • Айбек Ысманов
    35 жашта
    Кыргыз-тажик чек ара кагылышында ӨКМдин куткаруучусу Айбек Ысмановго ок тийип, каза болду. Баткен айылында 16-сентябрда Ысманов душмандын аткылоосунда калган.

    Ал 12 жылдан бери ӨКМдин Баткендеги бөлүмүндө иштеп келген. Айбек ӨКМдин №106 өрттөн куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы кызматын жетектеген. Куткаруучу өмүрүндө бир нече адамды өлүмдөн алып калган.

    Артында үч баласы калды. Айбек Ысманов 1987-жылы Баткен районунун Баткен айылында туулган.
  • Канат Акадил уулу
    23 жашта
    Шейит кеткен баатырдын артында ата-энеси жана агасы калды. Жакындары уулун күтүп, жакшы ой-тилек менен алдыга максат коюп жатышкан.

    Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулуну Канат спортко жакын болуп, бирөөгө жардам берүүнү жакшы көрчү.
  • Асатбек Арыстаналы уулу
    19 жашта
    Катардагы жоокер Арыстаналы уулу Асатбек Баткен жергесинде аскердик милдетин өтөп жатып душмандын огунан курман болду.

    Ал 2021-жылы сентябрда армиянын катарына чакырылып, УКМКнын Чек ара кызматынын №2022 Баткен аскер бөлүгүнүн Капчыгай чек ара заставасында аскердик милдетин аткарып жаткан. Асатбек 2003-жылы Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Теңги айылында туулган.
  • Бейкут Алмаз уулу
    26 жашта
    Бейкут Алмаз уулу ата-энесинин жолун жолдоп аскердик кызматты тандап алган. Мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Аскер институтуна окууга тапшырган. Андан кийин Баткен облусундагы чек ара заставаларына бөлүнгөн.

    Бейкут 2021-жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чатагына да катышып, жарадар болуп, контузия алган. Анда көрсөткөн каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Ооруканада бир ай дарыланып жатып, ошол ооруканада таанышкан кызына быйыл октябрда үйлөнмөк.

    Бейкут Алмаз уулу 1996-жылы Нарындын Эчки-Башы айылында туулган.
  • Баяман Акылбек уулу
    27 жашта
    Баткенде аскердик милдетин өтөп жатып душмандын огунан каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын багытындагы отрядынын жоокери, прапорщик Баяман Акылбек уулу Ала-Буканын Жапасалды айылында 1995-жылы туулган.

    Артында бир баласы калды.
  • Даниел Малашов
    24 жашта
    Аскердик кызматын өтөп бүтөрүнө беш күн калганда Даниел Малашов Тажикстандын кол салуусунан курман болду.

    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Өзгөчө кырдаалдар коопсуздугу боюнча адистигине ээ болгон. Андан соң жумушка орношуу үчүн алгач толук кызмат өтөө максатында бир жылга Баткендеги 2023-аскер бөлүгүнө кеткен. Бир үйдүн жалгыз баласы болчу.

    Ал 1998-жылы Сузак районунун Жоон-Күнгөй айылында туулган.
  • Гүлжигит Бектенов
    27 жашта
    16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам капитан Гүлжигит Бектенов да каза болду.

    Капитан Бектенов 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. 2017-жылы Лейлек районундагы Исхак Раззаков атындагы 20/21 атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири болуп кызмат өтөгөн.

    2019-жылы Даңк медалы менен сыйланган.

    Гүлжигит Бектенов 1995-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында туулган.
  • Жеңиш Иманбеков
    22 жашта
    2018-жылы Жумгалдагы Жусуп Сары атындагы орто мектебин аяктап, 2019-жылы аскерде кызмат өтөгөн. Андан кийин аскер кызматында келишимдик негизде иштеп жаткан. Үй-бүлөдө беш бир тууган. Өзүнөн улуу бир эжеси, эки иниси жана бир карындашы бар.

    Ал 2000-жылы Жумгалдын Миң-Куш айылында туулган.


  • Бекмырза Шарабидин уулу
    26 жашта
    Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон Бекмырза Шарабидин уулу акыркы эки жылдан бери ушул бекетте иштеп келген. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери келишимдик негизде Чек ара кызматында аскер кызматкери болуп иштеген.

    Шарабидин уулу 2021-жылы жаз мезгилинде Тажикстан менен болгон куралдуу кармашууга да катышкан.

    Бир айдан кийин сүйлөшкөн кызына сөйкө салып үйлөнөм деген аруу тилеги бар эле. Маркум 1996-жылы Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
  • Манас Баатырбеков
    27 жашта
    Кенже сержант Манас Баатырбеков Ак-Сай айылындагы "Головной" суу тосмосу аймагын Тажикстандын аскерлеринен коргоп жатып курман болду. Батырбеков ИИМдин Ички аскерлеринин кенже сержанты эле, 707-бөлүктө кызмат өтөгөн.

    Ал 1995-жылы Баткен облусунун Базар-Башы айылында туулган.
  • Ачылбек Ташбеков
    39 жашта
    Тажик тараптын кол салуусунан улам мекен чегинде кызмат өтөп жатып курман болгондордун катарында ИИМдин Ички аскерлеринин №707 бөлүгүнүн улук сержанты Ачылбек Ташбеков да бар.

    Маркумдун артында беш баласы калды. Ал 1983-жылы Баткендин Базар-Башы айылында туулган.
  • Алишер Набиев
    22 жашта
    Алишер Набиевдин аскердик кызматы 2022-жылдын март айында аяктап, бирок Чек ара кызматынын өзү туулган Кулунду айылындагы бекетинде келишимдик негизде иштеп жаткан.

    Үйдүн улуусу Алишерди быйыл үйлөнтүү үчүн Россияда иштеп жаткан атасы да келген.
  • Мирлан Какеев
    34 жашта
    17-сентябрда душмандын огунан каза тапкан Мирлан Какеев 2006-жылдан бери ӨКМде иштеген. Маркумдун жакындары анын мекенди коргойм деген тилеги алыскы Баткенге тартып туруп алганын айтышат. 2022-жылдын июнь айында Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүнө келишимдин негизинде кызмат өтөөгө которулган.

    Какеев турмуштун оор сыноосун эрте тарткан. 11 жашында ата-энесинен ажыраган. Үй-бүлөдө жети бир туугандан кенжеси болчу. Артында эки баласы калды. Жоокер 1988-жылы Аламүдүн районунун Константиновка айылында туулган.
  • Баатырбек Райимкул уулу
    42 жашта
    Баатырбек Райимкул уулу УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын кызматтык багытында кызмат өтөгөн. Ал мамлекеттик Эрдик медалынын ээси (2014-жылы — ред.). Баатырдын сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди. Артында төрт баласы калды.

    Батырбек Райимкул уулу 1970-жылы Тажикстандын Мургаб районунда туулган.
  • Умарбек Курманбеков
    20 жашта
    Базар-Коргон районунун Коткор айылынын кулуну Умарбек Курманбековдун сөөгү 19-сентябрда жерге берилди.

    Умарбек 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Кызматын аяктоого болгону үч күн калган. Эки бир туугандын уулусу болчу.
  • Бекболсун Рысбек уулу
    22 жашта
    Бекболсун "Лейлек автожол" өткөрүү бекетинде кызмат өтөп жаткан. Өз ыктыяры менен аскерге кызмат өтөөгө барып, ошол бойдон Баткенде куралдуу күчтөрдүн катарында калган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү эле. Курман болгон жоокердин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылында жерге берилди.

    2000-жылы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Абад айылында туулган.
  • Нургазы Боркошов
    35 жашта
    Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын отрядынын прапорщиги Нургазы Боркошов Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 16-сентябрда болжол менен саат 10:30да Охна айылында көз жумган.

    Эртеси, 17-сентябрда, келинчеги көз жарып, төртүнчү баласын (кыз) жарык дүйнөгө алып келген. Кызга атасынын керээзи менен белгилүү спортчу Мээрим Жуманазарованын атынан Мээрим деген ысым ыйгарылды. Нургазы Боркошов 2016-жылдан бери чек арада кызмат өтөп жаткан. Артында эки уул, эки кызы калды.

    Ал 1987-жылы Баткенде туулган.
  • Илимбек Мурзаев
    27 жашта
    Чек ара кызматынын атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Ак-Сай аймагын коргоо учурунда жанына снаряд түшүп курман болгон.

    Денесинин 4-5 жерине ок тийип каза тапкан жоокердин артында бир жаштагы кызы калды. Мурзаев "Бөрү" отрядына чейин Улуттук гвардияда үч жыл кызмат өтөп, андан кийин "Бужум" аскердик бөлүгүндө иштеген.

    Ал 1995-жылы Баткен шаарында туулган.
  • Санжар Анаркулов
    26 жашта
    Санжар Анаркулов кыргыз-тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк менен душманды Достук айылынан кубалап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. Бирок 16-сентябрда душмандын аткылоосунан танк жарылып, Санжар куралдаштары менен ичинде калган.

    Санжарбектин сөөгү "Ата-Бейит" комплексине коюлду.

    Эки эжеси, бир агасы бар. Мындан эки ай мурун үйлөнгөн. Ал Баткен облусунун Баткен районунда 1996-жылы туулган.
  • Нурислам Карыбеков
    19 жашта
    Нурислам Тажикстандын аскерлери кол салган учурда алгачкылардан болуп аларга каршы тургандардын бири. Өзү жарадар болгонуна карабастан жолдошторунун ыңгайлуу позицияга жайгашуусун камсыздаганын жакындары белгилешет. Ааскердик кызматынын аякташына бир жума калган эле. Лейлектеги атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядында кызмат өтөп келген.

    Карыбеков 2002-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган.
  • Эрлан Турсунбаев
    26 жашта
    Эрлан Турсунбаев каргашалуу күнү "Тамдык" заставасынын өздүк курамын коопсуз жайга чыгаруу үчүн каршылаштар менен аягына чейин аткылашып жатып душмандын огунан курман болгон.

    2012-жылы Кара-Балта шаарындагы техникалык институттан экономика жана бухгалтерия кесибине ээ болгон. 2015-2019-жылдары Алматы шаарындагы Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясын аяктаган. 2022-жылы "Тамдык" заставасынын башчысы болуп дайындалган.

    Баткенде чек араны коргоодо баатырларча курман болгон Эрлан Турсунбаевдин сөөгү Токтогул районунун Көтөрмө айылында жерге берилди.

    Ал 1996-жылы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган.
  • Мыктыбек Мырзажанов
    23 жашта
    Тажикстандын кол салуусуна каршы туруп курман болгон Мыктыбек Мурзажанов ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери болгон.

    Мектепти аяктаган соң өз ыктыяры менен аскерде кызмат өтөөгө кеткен. Андан кийин ата-энесине атайын багыттагы полкко кирүү оюн билдирип, алардын макул болбогонуна карабай бардык тандоо турларынан өтүп кеткен. Өтө мекенчил болчу деп эскеришет жакындары. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси эле, ушул жылдын октябрында үйлөнүүнү пландап жаткан.

    Мыктыбек 1999-жылы Баткен облусунун Айдаркен шаарында төрөлгөн.
  • Марат Ташмурзаев
    20 жашта
    УКМКнын "Бөрү" отрядында кызмат өтөп жатып "Кулунду" чек ара бөлүгүндө каза болгон Марат Ташмурзаев үй-бүлөдө жалгыз уул болчу. Үйлөнө элек эле. Ал 2002-жылы Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасында туулган.
  • Наркозу Мамасадыков
    21 жашта
    Наркозу Баткендеги Ак-Сай айылында Тажикстандын аскерлери менен куралдуу кармаш учурунда жаракат алып, баатырларча курман болгон.

    Мамасадыков Чек ара кызматынын №2053 атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги эле. 2001-жылы Кадамжай районунун Чечме айылында туулган.
  • Рамазан Бактияр уулу
    22 жашта
    Интернет желесинде снайпер Бактияр Рамазан уулунун согуш талаасында "радар 1, радар 1, заставага танк бара жатат" деп маалымат берип жаткан видеосу тараган.

    Рамазандын агасынын айтымында, жоокер тигил жактан байланыш болбогондуктан чек ара бекетине өзү барып, ошол жерден окко учкан. Кийин сөөгү заставадан табылган.

    Жоокер алты айдан кийин Баткендеги аскер бөлүктөн кызматын өтөп бүтмөк. Ал 2000-жылы Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айылында туулган.
  • Мирлан Ниязов
    35 жашта
    35 жаштагы Мирлан Ниязов 8 жылдан бери аскер кызматкери катары Баткен облусунун "Чарбак" заставасында мээлөөчү оператор болуп эмгектенип келген. Жакындарынын айтымында, "Достук" чек ара бекетинде ок тийип, мойнунун эки жерин тешип кеткен.

    Ал 1987-жылы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган. Артында бир уул, бир кызы калды.
  • Данияр Казакбаев
    24 жашта
    Данияр үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү эле. Чек ара аскерлеринин прапорщиги 1998-жылы Токмок шаарында туулуп-өскөн.
  • Данил Таалайбек уулу
    19 жашта
    Көзгө атар жоокер 20 жашка толоруна 10 күн калганда окко учту. Данил 2021-жылы Лейлектеги "Айкөл" заставасында аскердик кызматын өтөп бүтүп, кийин айылындагы "Капчыгай" заставасына кызмат өтөөгө кеткен. Баткенде абал дайыма тынч болбогондуктан өз үйүн жана мекенин кайтаруу максатында өмүрүн, келечегин чек арага байлаган.

    Бир үйдүн жалгыз баласы эле, үйлөнө элек болчу.
  • Амангелди Балыкчиев
    20 жашта
    Жоокер кичинесинен аскер адамы болууну кыялданган. Алгач Таласта аскердик кызматын өтөп, андан кийин келишимдик негизде Баткендеги чек арада кызмат өтөөгө кеткен. Быйыл үйлөнүү максаты бар болчу, бирок тилегине жетпеди. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу эле.

    Амангелди 2000-жылы Кемин районунун Бообек айылында төрөлгөн.
  • Айбек Абдилабеков
    29 жашта
    Маркумдун артында үч жашар баласы калды. Айбек Абдилабеков Ички иштер министрлигинин №707 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер болгон. Апасы жалгыз тарбиялаган жоокер үч бир тууган эле.

    Ал 1993-жылы Баткенде туулган.
  • Дурус Каныбек уулу
    30 жашта
    Чек арага чептей туруп курман болгон баатырлардын бири Дурус Каныбек уулу ИИМдин №707 аскер бөлүгүнүн улук сержанты эле.

    2022-жылдын 16-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00дө Кыргызстандын ИИМинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн (Баткен шаары) 9 адамдан турган аскер кызматчыларынын тобу УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жардам көрсөтүү жана Ак-Сайдын элин коопсуз жайга көчүрүү үчүн айылга бара жаткан учурда аларды Көк-Таш жана Ак-Сай унаа жолундагы көпүрөнүн аймагынан Тажикстандын аскерлерлери миномет жана ар кандай калибрдеги ок атуучу куралдан аткылашкан.

    Унаадан түшүп жатканда улук сержант Каныбек уулу Дурус, улук сержант Ачылбек Ташбеков жана катардагы жоокер Айбек Абдилабеков ок атуучу куралдын сыныктарынан жаракат алышат.

    Топтун калган мүчөлөрү чуңкурга жашынып калууга үлгүрүп, ал жерде атышуу 6 саатка созулган. Түн киргенде алар тоо тарапка чегинүүгө аргасыз болушкан.

    Андан сырткары, атышуунун жүрүшүндө топтун дагы эки аскер кызматчысы жарадар болгон. Натыйжада жоокерлер мекенин коргоп жатып баатырларча көз жумушту.

    Баткендин кулуну Дурус 1991-жылы туулган.
  • Айдарбек Айбеков
    19 жашта
    Катардагы жоокер Айдарбек Айбеков 2021-жылдын 8-сентябрынан бери мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен Баткен облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан. Адегенде алты ай кыргыз-өзбек чек арасында кызмат өтөп, кийин Баткендеги аскердик бөлүктөргө которулган. Аскерден кайтып келишине саналуу гана күндөр калган болчу.

    Жоокер 2003-жылы Токтогул районунун Камыш-Башы айылында туулган.
  • Рашид Бердибаев
    19 жашта
    Катардагы жоокер Рашид Бердибаев Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылындагы мектепти аяктап, Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жайга тапшырган. 2021-жылдын сентябрь айында аскердик кызмат өтөөгө Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

    Шайыр, активдүү, алдыңкы окуучулардын бири эле. Аскердик кызматын өтөп жатканда да активдүүлүгүн көрсөтүп "Эң активдүү, кыраан жаш жоокер" сыйлыгына ээ болгон.
  • Кулатбек Абдисамат уулу
    31 жашта
    Кулатбек Абдисамат уулунун артында үч уул, эки кызы калды. Ал №2022 аскер бөлүгүнүн "Орто-Боз" чек ара тозотунун прапорщиги болчу, жети жылдан бери Чек ара кызматында иштеп келген. Чек ара тозотунун айдоочусу Кулатбек кандуу кармашта эки аскердин өмүрүн сактап калганы айтылат.

    Ал Баткен районунун Ак-Татыр айылында 1991-жылы туулган.
  • Махаматжан Мапаев
    42 жашта
    Махаматжан Мапаев тажик тараптын миномёт менен аткылоосунан оор жаракат алып курман болду. Ал УКМКнын Чек ара кызматында иштеп келген. Артында үч уул, бир кызы калды.

    Махаматжан Мапаев 1980-жылы Баткен шаарында туулган.
  • Медетбек Абдумалик уулу
    20 жашта
    Тажикстандын куралдуу кол салуусунан согуш талаасында бир нече жоокерди куткарууга жетишкен "Жаңы-Жер" заставасынын фельдшери Медетбек Абдумалик уулу да каза болду.

    Кандуу кагылышууда бир нече аскерге жардам көрсөтүүгө үлгүргөн. Ок жаап жаткан талаада өзү да мойнунан жаракат алган, ага карабастан ал ок тийген аскерлерге жардам берүүнү уланткан. Кезектеги жоокерге жардам көрсөтүү үчүн барганда миномёт жарылып, жааган октон аскер да, фельдшер да шейит кеткен.

    Эи ай мурун эле үйлөнгөн Медетбек 2002-жылы туулган.
  • Нургазы Мамытов
    34 жашта
    Каргашалуу окуя болгон күнү Тажикстандын аскерлеринин аткылоосунан прапорщик Нургазы Мамытовго снаряддын чачырандылары тийген. Ал "Орто-Боз" чек ара заставасында фельдшер болуп иштеп жаткан. Ал Раззаков шаарындагы ооруканага жетпей жан берген. Артында төрт кызы жана кош бойлуу жубайы калды.

    Мамытов 1988-жылы Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган.
  • Азамат Мирзакулов
    19 жашта
    19 жаштагы Азамат Мирзакуловдун сөөгү 20-сентябрда Ош шаарында жерге берилди. Ал үй-бүлөдө бир туугандардын эң кенжеси эле. Мирзакулов Баткен облусундагы Капчыгай чек ара тозотунда аскердик кызматын өтөп жаткан.
  • Шерали Анаркулов
    31 жашта
    Шерали Анаркулов — тажик тараптын бастырып кирүүсүнөн мекенди коргоо учурунда танкада күйүп кеткен үч жоокердин бири.

    Ал Баткендеги №2053 чек ара тозотунда иштеп жаткан. Эрдиги тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган үч азаматтын сөөгү "Ата-Бейитке" коюлду.
  • Тилек Жаңыбай уулу
    26 жашта
    Тилек №2053 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүргөн. Каргашалуу күнү эки жолдошу менен танкада эле. Каршылаштар ок гана эмес, оор жардыруучу куралдарды да колдонуп танк өрттөнүп кеткен. Тилек жана эки куралдашы тирүүлөй күйүп калышкан. Ал 2021-жылы танк биатлонунун жеңүүчүсү болгон.

    Жоокер 1996-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында туулган.
  • Асат Полотов
    19 жашта
    "Капчыгай" чек ара тосотунда баатырларча курман болгон Асат Полотов армиянын катарына 2021-жылы чакырылып, Айдаркендеги аскер бөлүктө кызмат өтөп жүргөн. Асат 2003-жылы туулган.
Автор
Нурайым Рысмамбетова

Фото
Сүрөттөр КРдин укук коргоо органдарынын маалымат кызматкерлеринен, облустук, райондук мамадминистрациялардын маалымат кызматтарынан
жана маркумдардын жакындарынан алынды

Дизайнер
Тьерри Махасуру
Жаңылыктар түрмөгү
0