Кытайда Европанын апаатка кептей турган катасы аталды

© AP Photo / Olivier MatthysЕвропа Биримдигинин желектери. Архив
Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Макалада реалдуулук Европа АКШнын кезектеги кол жоолугу экенин көрсөтүп койгону айтылган.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Европа өлкөлөрү Россия саясаты боюнча АКШга толук көз каранды болуп калды, бул алардын өзүлөрү үчүн эле эмес, жалпы дүйнө коомчулугу үчүн да апаатка айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.

"Вашингтондон көз карандылык болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Москвага байланыштуу маселенин баарында Европа АКШнын гана айтканы менен болот. Бул геоясаясий абалдын туруксуздашуусун шарттап, Украинадагы абалды жөнгө салууга жолтоо болуп, Европанын өзүнө да, жалпы дүйнө жүзүнө да укмуштуудай залакасын тийгизет", — деп жазылат макалада.

Басылма дал АКШнын сөзү менен европалык өкмөттөр "Россиядан болчу кооптуулукка" каршы күрөштү башкы максат кылып алганын белгилеген. Мында экономикалык кызыкчылыктар таптакыр унутта калды. Буга кошумча Вашингтон өзүндө болчу экономикалык каатчылыктын алдын алып Европаны болушунча пайдаланып жатканы айтылган.
"Украинада кырдаал курчуп кеткенде европалыктардын басымдуу бөлүгү америкалыктар менен чогуу орустарга каршы тура алабыз деген ойдо болду. Бирок реалдуулук Европа АКШнын кезектеги кол жоолугу экенин көрсөтүп койду", — деп жазды басылма.
Атайын операция башталгандан кийин Батыш Москвага санкциялык кысымын күчөтүп, бул Европа менен АКШда электр энергиясына, отунга жана азык-түлүккө болгон баанын асмандашын шарттады. Владимир Путин киргизилген чектөөлөр дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын билдирген болчу. Анын айтымында, Батыштын башкы максаты — миллиондогон элдин жашоосун начарлатуу.
Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
БУУда "Түндүк агымдагы" кырсык энергетика рыногунда көйгөй жаратары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0