Өкмөт Кыргызстандан дары-дармек ташууга жарым жылга тыюу салууну сунуштоодо

© Sputnik / Нина ЗотинаДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Убактылуу чектөөнүн себебин Экономика министрлиги түшүндүрүп берди.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстандан дары-дармек жана медициналык каражаттарды сыртка чыгарууга жарым жылдык тыюу салууну сунуштап жатат.
Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Буга чейинки чектөөнүн мөөнөтү 9-августта соңуна чыккан.
Экономика министрлиги өлкөдө профилдүү ишканалар жок экенин айтып, таңкыстык жаралып жатканын белгилөөдө. Мында кеп коронавирустан дарылоого керектүү дары-дармек, коргонуу каражаттары жана башка продукция тууралуу сөз болуп жатат.
Бишкекте улуттук кийимчен улгайган айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Статком: өлкөдө эркектердин өлүмү аялдарга караганда 1,5 эсе көп катталат
Жаңылыктар түрмөгү
0