Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТО баш катчысы Зеленскийдин альянска кирүү арызы боюнча комментарий берди

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАльянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив
Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Башкы катчы мүчөлүккө кабыл алуу 30 союздаштын бир добуштан колдоосу менен чечилерин белгиледи.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. НАТО өзүнүн күчтөрүн Киевдин коргонуусуна жардам көрсөтүүгө жумшайт. Бул тууралуу альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде журналисттерге билдирди.
Ал Украина президенти Владимир Зеленскийдин блокко шашылыш түрдө кирүүгө арыз берүү тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берген.
Башкы катчы ар бир өлкө өзүнүн жолун аныктоого укугу бар экенин ырастады. Ошондой эле ал НАТО "ачык эшик" саясатын карманарын, соңку жылдары бул ачык көрүнүп жатканын эске салды. Деген менен кайсы бир мамлекетти мүчөлүккө кабыл алуу 30 союздаштын бир добуштан колдоосу менен чечилерин белгиледи.
"Ал эми Украинага келсек, альянс Киев өзүн-өзү коргоо иштерин уюштурууга жардам берүүнү негизги багыт кылган. Учурда дагы альянстын башкы милдети ушундай", — деди НАТОнун баш катчысы.
Белгилей кетсек, кечээ, 30-сентябрда, Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө Түндүк атлантикалык альянска (НАТО) тез аранын ичинде кошулуу боюнча арыз бере тургандыгын билдирген.
Ошол эле маалда ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын Россиянын курамына кириши боюнча келишимге кол коюлду.
Россиянын жана АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Венгрия: НАТО менен РФтин ортосунда чыр чыгып кетишине жол бербешибиз керек
Жаңылыктар түрмөгү
0