Келерки аптага карата Ош облусундагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы дарактын бутагындагы куш. Архив
Ош шаарындагы дарактын бутагындагы куш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Оштун өрөөндөрүндө күн ачык болот, бирок тоолорго кар түшөт.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Алдыдагы аптада Ош облусунда абанын температурасы 25 градуска чейин жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
2-октябрда тоо этектеринде жана тоолордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерге кар жаайт, бирок өрөөндөрдө күн ачык болот.
3-октябрда айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-октябрда тоолуу райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
5-октябрда асман ачык турат.
6-7-октябрда тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-октябрда күндүз көзү бузулбай ачык турат.
Ала Арча капчыгайындагы кайың багы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Күн жылып баштайт. Келерки жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0